Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жаткан Улукбек Кочкоров кыргыз тили боюнча сынактан 92 балл алды.
“Лексика-грамматика, жазуу боюнча 100 балл, окуп, түшүнүп тапшырма аткаруу боюнча да 100 балл жана угуп тапшырмаларды аткарууда 80 балл алдым. Угуп тапшырмаларды аткаруу көбүнчө эс тутумга багытталган экен, бирок андан бир аз күмөнүм бар. Себеби мен 90 баллдан кем болбош керек деп ойлогом. Сүйлөө тестинде мен өзүмдүн саясий программамды айтып бердим. Жалпылап айтканда 92 балл алдым. Жаман эмес, бул жыйынтыкка канааттанып турам”, - деди Улукбек Кочкоров сынактан чыккандан кийин.
Кыргыз тили боюнча сынактын жыйынтыгында Улукбек Кочкоровго “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин B2 деңгээлинде билет” деген сертификат тапшырылды.