Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларда курман болгондорду эскеришти

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерди.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, диний чөйрөнүн өкүлдөрү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комлексиндеги 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерүү салтанатына катышып, гүлчамбарларды коюшту.

1916-жылы курман болгондорго багышталып куран окулду.

Эскерте кетсек, 1916-жылдагы Υркүн окуясынын 100 жылдыгына карата 2016-жылдын 2-августунда "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Мемориал эстелик тургузулган.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-апрелиндеги "1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө" токтомуна ылайык, август айынын алгачкы жумасы 1916-жылдагы улуттук боштондук күрөшүнүн курмандыктарын эскерүү күнү катары кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан