ЖЫЛНААМА, 10-АВГУСТ: “Мени бир учурда жүз жигит менен жүрөт дешет”. Ушактан башы чыкпаган корей актрисасы Ли Сон Кён 27 жашка чыкты

“Мышыктын көздөрүндөй, болпойгон илептери, ай-ий, кетирекей мурдучу...” Түштүк Кореянын актрисасы Ли Сон Кёнго суктангандар адатта ушундай комментарийлерди калтырышат. Уникалдуу сулуулугу жана сымбаттуу мүчө-келбети менен айырмаланып турган атактууну эгерде дорама сүйүүчү болсоңуз, “Оор атлетиканын периси Ким Бок Чжу” сериалында аткарган ролу аркылуу эстей аласыз. Аталган сериалдан кийин актриса өз өлкөсүндө эл сүймөнчүгүнө айланганын айта кетүү керек. “Мен карьерам бою көрүүчүлөрдөн бир да жолу мынчалык көп мактоо уккан эмесмин. Ушундай колдоо кийин да кайталанабы деген ойлор келди”, - деген Ли Сон Кён маектеринин биринде. Жогорудагы сериалдан тышкары “Капкандагы сыр”, “Баары жакшы, бул сүйүү”, “Врачтарга” тартылган.

Жеке жашоосуна келсек, актриса тууралуу өтө көп ушактар чыгып турат. “Кээде өзүмдү бир учурда жүз жигит менен жүргөндөй сезип кетем. Мунун баары тажатат. Азыр үйдө болуп калсам, дээрлик сыртка чыкпайм. Чыксам да жүзүмдү жашырып чыгууга туура келет”, - деген атактуу. Бирок “Оор атлетиканын периси Ким Бок Чжу” сериалынан кийин актриса анда чогуу тартылган актёр Нам Жу Хёк менен кыз-жигит экендиги тууралуу маалымат чыккан. Жана бул маалыматты өздөрү да тастыкташкан.

Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан Ли Сон Кён кичинесинде пианист болууну кыялданчу. Ал эми тасма талаасына түз эле подиумдан түшүп келген десек жарашат, анткени ага чейин модель болуп иштеген. Ошондой эле актриса жакшы ырдайт, "Gangnam style" ыры аркылуу дүйнөлүк атактуулукту багындырган PSY менен чогуу аткарган дуэти бар.

10-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
JaneEr
2017-08-10 23:18:30
Эн жаман коргон актрисамго
0
SansaNePredaiJohna
2017-08-11 00:44:07
тосток козго . мага озбек чырай кыздар жагат
-1
dastan_nookat
2017-08-11 01:56:47
Тим эле татына го
+1
arzygulR
2017-08-11 03:47:58
Башынан окуп атып ушунчалык сулуу окшойт десе ...
+4
Linkin.
2017-08-11 07:31:14
Жакпайт ушул актриса, оозун кыйшайтып суйлогондо кыжыр келет.
0
jasgul
2017-08-11 12:00:34
жакшынакай экен, бирок менин кызым мындан да сулуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан