Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда "Кыргыз киносу" күнү белгиленет. Бул дата 1941-жылы Фрунзе шаарында кинохроника студиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө байланыштуу.
Кыргыз киносу "Кыргыз керемети" деген ат менен дүйнөгө таанылып, улуттук маданиятты, тарыхты жана элдин жашоосун чагылдырган чыгармалары менен өзгөчөлөндү.
Бул күн кино тармагында эмгектенген режиссёрлордун, актёрлордун жана башка чыгармачыл инсандардын эмгегин даңазалоого арналат.