Биз социалдык тармакта

Өлкөгө кумшекерди алып кирүүгө 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанга ак кантты ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу кечээ, 16-ноябрда тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

Маалымдалгандай, мындай чектөө үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга ташылып келүүчү ак кантка тиешелүү. Бирок төмөнкү учурларда тыюу салуу колдонулбайт:

  • Кыргызстан аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү кантка;
  • Өлкөгө андан ары анын чегинен тышкары ташып чыгуу (реэкспорт) үчүн ташып келинген кантка;
  • "Экстра" сортундагы ак кантка;
  • Токтом күчүнө киргенге чейин темир жол менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн кантка.

Бул чечим ички рынокто канттын баасын турукташтыруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкөдөгү кант рыногун өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан