Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди

Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов Түркиянын Анталия шаарында өткөн Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча XV Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди.

Парламенттен билдиргендей, мелдеш 9-15-ноябрь күндөрү өтүп, ага 47 өлкөдөн 1140 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 55 спортчу өлкө намысын коргоду.

40 жаштан жогорку спортчулар арасындагы якосоку кумитэ дисциплинасында күч сынашкан Бекмурза Эргешов үчүнчү орунду ээледи.

Жалпысынан кыргызстандык спортчулар мелдеште 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип, командалык эсепте 11-орунду камсыздашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан