Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жаракат алган жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрда Ак-Ордо конушунда катталды. Жаран өз мойнуна бычак сайып алган. Кызматкерлер аны кызматтык унаага салып, ооруканага алып жөнөшкөн. Жолдон аларды "Тез жардам" тосуп чыгып, жабырлануучу дарыгерлерге өткөрүлүп берилди.
Анын мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз.
"Учурда жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу деп бааланууда",- деп кошумчаланды маалыматта.