Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Алмазбек Токтомаметов кечээ, 16-ноябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Алмазбек Токтомаметов 1963-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Көк-Арт айылында төрөлгөн. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, Кыргыз билим берүү академиясында жана бир катар мамлекеттик мекемелерде жооптуу кызматтарды аркалаган. 2021-жылдан тартып Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директору болуп иштеп келген.
Ал 70тен ашык илимий жана методикалык эмгектин автору болуп, окуу китептерин, билим берүү стандарттарын жана программаларын даярдоого салым кошкон. 2024-жылы "Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамына ээ болгон.