Кытайда унаанын үстүнө чоң таш кулап, ичиндеги адамдар аман калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрь күнү Кытайдын Сычуань провинциясында Лисянь уездиндеги тоолуу жолдо катталып, видеорегистраторго түшүп калды. Тоо боорунан кулаган ири таш тыгында турган унаанын үстүнө түштү.
Видеодон аялдын унаадан чыгып кеткенин көрүүгө болот. Унаанын ээси арткы орундукта анын эки тууганы болгонун, кырсыктан эч ким жабыркабаганын билдирди.