Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” деген аталыштагы жаштардын форумуна катышып, алар менен кең-кесири баарлашты. Республикабыздын булуң-бурчунан келишкен жаш ишкерлер өздөрүнүн ой-пикирлерин ортого салышып, көңүлүндөгү суроолорун беришип, өкмөт башчысынан жооп алышты. Төмөндө айрым жаш ишкерлердин форумдан алган таасирлери тууралуу ой-пикирлерин сунуш кылабыз.
Бексултан Данияров, бизнес тренери, мугалим: “Өкмөт башчысы “жигиттер, мен силерге жардам берем” деди”
- Аталган жаш ишкерлердин форумунда өзүбүздүн долбоорлорду тартууладык. Сооронбай Шариповичке биздин долбоор башкалардыкына караганда көбүрөөк жаккандай таасир калтырды. Анткени биздин долбоор боюнча көп жолу эскертүү катары форумдун аягында “жигиттер, мен силерге жардам берем” деген жылуу пикирин айтып жатты. Бизге айткан пикирлери ишке ашат деп үмүттөнөм.
Жаштар форумунда өлкөбүздүн бардык аймактарынан келишкен жаш ишкерлер менен тажрыйба алмашуу болду. Алар менен жакындан таанышып, сүйлөшүп, өздөрүнүн долбоору боюнча эмне иш жасап жатышканы, эмне идеялар келгендиги, кандай кыйынчылыктардан өтүшкөндүгү, алдыдагы максаттары тууралуу баарлашып, жаш ишкерлер үчүн жакшы аянтча түзүлдү десек болот.
Нурсеит Айтмырзаев, “Ойноо” интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү: “Сооронбай Жээнбеков жаш ишкерлерди колдоого аларына көзүм жетти”
- Биринчиден, жаш ишкерлердин форумунда Сооронбай Жээнбеков жаштар Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондусунан үстөк пайызы аз насыя алса болорун айтты. Ошондой эле форумда жаш ишкерлердин долбоорлорун колдоп берерин, фамилия, атыбыздан өйдө жазып алгандыгын, кыскасы, колдоосун көргөзөрүн билдирди. Негизи бул форумдун өтүшүнүн өзү эле жаштар үчүн пайдалуу болду десек болот. Анткени алдыга умтулган жаштар дал ушул форумда чогулушуп, бири-бири менен байланышып, таанышып, тажрыйба алмаштык. Жеке мен Сооронбай Жээнбековдун жаштарды колдоого каалоосу күч экенин байкадым. Бул долбоордун алкагында биз буга чейин финалга чыгып, 300 миң сом акча да утканбыз. Учурда дагы бир долбоорубуз бар.
Алишер Токторбаев, Жалал-Абаддагы “Здоровый Эко Продукт” ишканасынын жетекчиси: “Премьер-министр менен болгон жолугушуу жаштарга чоң дем болду”
- Биздей жаш ишкерлерге жакшы эле дем берүү болду. Биз азыр ишкерчиликти өнүктүрүү фондунан конкурстук негизде күрөөсү жок насыя алып жатпайбызбы. Мындан ары да өзүбүз аракет кылып, иштерибизди өз алдынча жүргүзүп жатканда жолугушуу уюштуруп, жаш ишкерлер менен таанышып, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашканыбыз ишибизге чоң мотивация болду десем болот. Сооронбай Шарипович жолугушууда мындан ары да өлкөбүздөгү жаш ишкерлерге мамлекет жардам берерин, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө колдоо болорун айтты. Мунун баары экономикабызга пайда келтирет деп ойлойм. Ошон үчүн мен ишенем, биз сындуу жеке ишкерлерге жардам берип турса, Кыргызстаныбыз экономикасы жагынан алдыга кетет эле. Өзүм азыркы учурда Жалал-Абадда алманы, кара өрүктү, жаңгакты кайра иштетүү жагын колго алып, ишкерчилик менен алектенип жатам.