Өмүрбек Текебаев соттон айрым күбөлөрдү кайрадан көрсөтмө берүүгө чакыруусун өтүндү

Бишкек шаардык соту Текебаев менен Чотоновдун ишин кароону улантууда. Отурум учурунда Текебаев тергөө учурундагы протокол менен толук таанышып чыга элегине байланыштуу отурум бир саатка жылдырылган. Текебаев соттон кайрадан айрым адамдардан көрсөтмө алууну өтүндү. Анын айтымы боюнча отурумдарда 2010-жылдын сентябрь айынын аяктарында Текебаев "Супарада" Маевский менен жолугушкан деген көрсөтмөлөр берилген. Ал эми соттолуучу ал учурларда аймактарда эл менен жолугушууларда болгонун айтат.

"10-сентябрдан 30-сентябрга чейин аймактарда эл менен жолугушууда болгом. Муну Алмамбет Шыкмаматов, Асия Сасыкбаева да көрсөтмөлөрүндө айткан. А Маевский болсо, сентябрдын аягында мени менен "Супарада" жолугушкам деп жатат. Ошондуктан айрым адамдарды кайрадан көрсөтмө берүүгө чакырыңыз", - деди.

Текебаев жана Чотонов тергөөдөгү протокол менен таанышып бүтө электигине байланыштуу сот отурумду дагы бир саат артка жылдырды. Отурум саат 15:00дө уланат.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, алардын абактагы жаза мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотко апелляциялык арызын жазган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан