"Centerra Gold Inc." компаниясы Ысык-Көл облусундагы тазалоочу түтүктөрдү курууга 50 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Сапар Исаков менен компаниянын аткаруучу директору Скотт Перринин алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурунда белгилүү болду.
"Centerra Gold Inc." компаниясы Ысык-Көл облусунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча фонд түзүү үчүн 50 миллион доллар каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Өкмөттүн чечими боюнча ал каражат аталган облустун шаар, айылдарындагы тазалоочу түтүктөрдүн курулушуна жумшалат. Жумуш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эң башкысы тазалоочу түтүктөр "Кумтөр" кен чыгаруучу жайга жакын жайгашкан айылдарга жана калк көп жайгашкан жерлерге орнотулат", - деп маалымдаган бул тууралуу Сапар Исаков журналисттерге.
Муну менен катар эле Исаков кайра түзүлүп жаткан фондго которулган каражат максаттуу колдонулушу үчүн өкмөт бардык аракетин көрө тургандыгын кошумчалаган.
"Коррупциялык иш-аракеттер орун албашы үчүн биз колдон келген аракеттин баарын көрөбүз. Мындан тышкары өкмөт жумуштун журүшүнүн ар бир бөлүгүнө жумшалган каражатка көзөмөл кылып аны ачык түрдө коомчулукка, массалык маалымат каражаттарына отчёт катары билдирип турат", - деп убадалаган өкмөт башчы.
Исаков бир жылдык экологиялык төлөмдөр дээрлик 10 эсеге - 310 миң доллардан 3 миллион долларга өсө тургандыгын белгилеп, бул каражаттар да Ысык-Көл облусундагы жана Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөрдүн чечилишине багыттала тургандыгын эскертти. Ал "Centerra" Кыргыз Республикасына тартылган "AMEC" эл аралык кеңешчи-ишканасы тарабынан даярдалган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көрсөтмөлөрдүн баарын эске алып, иштөөгө даяр экендигин белгиледи.
"Мен "Кумтөр" кен чыгаруучу жайынын иш процессинен абдан позитивдүү таасир алдым. Биз тараптан айтылган айрым даттануулардан кийин "Centerra" бардык жумушту нормага ылайык жүргүзө баштады. Буга чейин баштала элек жумуштар болсо тиешелүү министрлик, түзүмдөр жана изилдөө институттары менен макулдашуу этабында турат. Сөз Петров көлү, андагы калдыктардын үйүлгөн абалы тууралуу болуп жатат. Биз "Кумтөрдүн" иштеши боюнча туура жолго түштүк", - дейт Исаков.
Белгилей кетсек, аймакта өлкөдөгү эң ири кен казуу ишканасы толугу менен камсыздап жаткан фонд иштеп келет. "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фонду 2009-жылдан бери иштеп, ага жыл сайын "Кумтөр голд компани" ишканасынын жалпы кирешесинин 1 пайызы бөлүнүп турат.
Өткөн, 2016-жылы бул фондго бөлүнгөн каражаттын суммасы 450 миллион сомду түздү. Бул каражат облустагы социалдык инфраструктураны жана экономикалык потенциалды жогорулатууга багытталган долбоорлорго жумшалган.