"Жарайт сити" шайыр жаштар долбоорунун катышуучулары Элдияр Эшимбеков менен Илгиз Кубатбек Украинадагы "Куудулду күлдүр!" деген аталыштагы шоу берүүгө катышып, 50 миң гривен (болжол менен 127 миң сом) утуп алышты. Бул тууралуу аталган долбоордун сайты жарыялады.
Белгилүү болгондой, шарт боюнча катышуучулар украиналык шоумен жана актёрлор Володимир Зеленский, Евгений Кошевой баштаган калыстар тобунун мүчөлөрүн күлдүрүшү керек эле. Ал үчүн ар бир раундга 1 мүнөттөн убакыт берилип, эгер күлдүрө алышса байгесине 10 миң гривенден кошулуп турган. Ошондой эле жеңген сайын кайрадан тамашаларды улантууга же акчасын алып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Кыргыз жигиттери 5 мүнөттүк убакыт ичинде тамаша айтышып, 50 миң гривен утушкан соң оюнду улантууну каалашкан эмес.
"Куудулду күлдүр!" - тамашалуу телешоу 2011-жылы февраль айында экранга чыгып, ар ишемби күндөрү көрсөтүлүп келет.