"Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолу талаптагыдай курулбай жатат", - деген окурман "Элдик кабарга" буларды билдирди.
"Мен учурда курулуп жаткан Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун сапаттуу салынып жатышынан күмөнүм бар. Анын курулушу кантип жана кандай жолдор менен жүрүп жатканын көзөмөлдөөчү органдар талаптагыдай текшербей жатат. Мен ошол жолдун 338-384-чакырымын куруу учурунда 3 жыл эмгектендим. Бул аралыкта ар түрдүү техникалык талаптарга жооп бербеген катачылыктарды, көз боёмоочулуктарды жана өз ара соодалашып иш алып барган кызматкерлерди жолуктурдум. Бара-бара жолдун сапатына көңүл бурбай, тез арада бүтүрүштүн айласын кылган жол куруучулардын туура эмес ишин инспекторлорго айттым. Мындан соң мени жумуштан кетирип жиберишти.
Мисалы, сүрөттө көрүнгөн жерди долбоор боюнча толтуруп чыгуу керек болгон. Ага шагыл салып, ар 30 сантиметр сайын атайын техника менен таптап чыгуу керек. Бирок бул жерге техника кире албагандыктан, В5 деген маркадагы бетонду куюп чыгуу шарт эле. Бирок жол салып жаткан компания аны түнү менен жөнөкөй эле борпоң шагыл менен толтуруп туруп, эң үстүн гана бетондоп койгон. Эртеси инспектор келип, аны билбей эле кол коюп өткөрүп алды. Кыскасы айта берсе сөз көп. Тийиштүү кызматтардан Кыргыз элинин келечеги үчүн ушул мамлекеттик маанилүү жолду тыкыр текшерүүгө алынышын сурайм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.