Элүүбай Отунчиев: "Атамбаев эч качан Таласты, элди бөлгөн эмес. Анын Абыке менен Көбөштөр тууралуу айтканы чындык"

Президент Алмазбек Атамбаевдин Таластагы элге айткан сынынын тегерегинде талкуулардын толкуну тыйыла элек. Акын Анатай Өмүрканов ажонун кебин катуу айыптап ыр жазган соӊ Өмүрканов чектен чыгып кеткенин акын Шайлообек Дүйшеев айтып чыккан. Өмүрканов ачууга алдырганын жазуучу Элүүбай Отунчиев дагы белгилейт.

"Эми мен Анатайдын эмне деп жазганын толук окуганым жок. Бирок интернетке абдан терс маанайдагы ыр жазыптыр. Анын бул аракети туура эмес. Анатай оройлук кылган. Канткен менен Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин 63 пайызы 6 жылга шайлаган президенти. Ал өз мөөнөтүндө жакшы иштеп, элге мыкты кызмат өтөдү. Анатайды бул аракети үчүн айыптайм. Шайлообек менен да сүйлөштүм. Мен анын пикирин колдойм. Анатайдын жеке өзүнө деле учурдагы президент үй алып берип, китептерин чыгартып берип көп колдоо көрсөткөн экен. Эми Анатайдын бул кылганы адамгерчиликке жатпайт. Эл сыйлаган акын мындай болбойт. Анын ачуу пикирлери чектен чыгып кеткен", - деп билдирди Отунчиев.

Жазуучу президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүндө элди бөлүп-жаруу жоктугун, тескерисинче, анда чындыктын үлүшү бар экенин кошумчалады.

"Атамбаев эч качан Таласты, элди бөлгөн эмес. Анын Абыке менен Көбөштөр тууралуу айтканы чындык. Ал "Манастан" үзүндү келтирүү менен элди ынтымакка чакырган. Муну көпчүлүк туура кабыл алууда. Ошол эле кезде коомчулукта, эл арасында ар кандай адамдар бар. Алар сөздү бурмалап жатышат. Хадистерде да башчыңар кул болсо да ага баш ийгиле деп жазылган. Кудайдын буйругу менен, Жараткандын көзү түшкөн адам президент болот. Башчыга баш ийбесек кыргыз туш-тушка бөлүнүп кетпейби. Бөлүнгөндү бөрү жейт дегендей болуп. Атамбаев “кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деген принцип менен иштеди. Андыктан биз биригишибиз, ынтымакты бекемдешибиз керек", - деди Элүүбай Отунчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
admin_superstan
2017-11-14 13:25:21
Arsenal93., сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга; бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
-14
gute
2017-11-14 13:52:10
Кулаалы таптап кимди куш кылды? Журтту жыйбай эле чачыратты элдин кобу Россияда Казахстанда журот
+12
KGstan1981
2017-11-14 14:03:26
Ооо барекельде Элуубай аке эми эртен сизди Атамбаев Манас ордени менен сыйлайт.))))
+10
kenjebek_a
2017-11-14 14:45:19
XXXX калган го.
+1
gute
2017-11-14 14:47:10
Мендагы АШАны мактап Генерал болойун деп атам достор Генерал баары эле болуп жатышат менделе болойун
+5
make2
2017-11-14 14:55:16
Чала жазуучунун түшүнгүда чала, ой жүгүртүүсү жогору инсандар менен маек курсаңар
+5
saltanat2015
2017-11-14 14:58:57
Дежур чал
+5
Dalil
2017-11-14 14:59:44
Сүйлөгөн сөзүн ойлоп сүйлөп, акыйкат элди бөлбөй баарына тегиз карап башкарса кош колдоп колдойт элек. Сүйлөө боюнча рейтингде Трамптан кийин эле турса керек
+4
Дарыгер
2017-11-14 16:16:34
АША Бир кездери ушундай соз чыгарды эле. Акшакал деген . Ошондой го
+6
Arsenal93.
2017-11-14 19:37:30
Дарыгер,туура айтасын бул акШАКАЛ экен чыныгы
+3
Jelezo
2017-11-14 17:22:30
Атасы элүү жашында бозого тоюп алып туудурган окшойт айткан пикирине караганда
+5
jbolotov
2017-11-14 20:31:30
Ушул созтандабастын айынан Кыргыз Казак тууган элдер бири бирине касташып калды, Атамбаев эстуу болсо Назарбаевдин жети атасы калмакбы монголбу суйлобойт болчу, ХХХХ деп президент эмес мектеп директоруда суйлогондон уялат.
+1
tilek121277
2017-11-14 20:33:12
ХХХХ чал го бул
0
yrchy_jigit
2017-11-15 01:04:57
ХХХХ Чал экен
0
kypchak-balasy
2017-11-15 16:52:49
Кечке эле Атамбаев деп айта бербей озунорго бекем болгула ата эненердин кызматын кылгыла. Эл кандай болбо падышасыда ошого жараша болот. Президент болуу дагы ар кимге насип эте бербейт
0
Altyn10076
2017-11-23 09:42:10
Дагы бир кошоматчы чыгып калыптыр го....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан