"Күчтүү эркектин артында дайыма акылдуу аял турат" деп айтылгандай, ар бир өлкө башчынын артында бул чоң кызматка ээ болгон жолду бирге басып өткөн жубайы турат. Бүтүндөй өлкөнүн тагдыры колунда турган мамлекет башчыларынын "кабыргалары" биринчи айымдардын жашоосу дайыма коомчулуктун назарында. Алар үй-бүлө очогун тутантып гана тим болбостон мамлекеттин коомдук, саясий, социалдык турмушунда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын талкуусунан түшпөгөн дүйнөнүн биринчи айымдары президенттик ишке киришүү аземдерине кандай кийинип келишкендигине саресеп салалы.
1. Мехрибан Алиева (Азербайжан)
Өзүнүн сулуулугу гана эмес, саясий активдүүлүгүнөн улам күйөөсүн көлөкөдө калтырган Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева дайыма талкуу чордонунда. Медициналык билими бар Алиева азыркы тапта "Жаңы Азербайжан" саясий партиясынын жетекчилеринин бири жана өлкөнүн биринчи вице-президенти. Дүйнөлүк модадан калбай кийинген Алиева эң сулуу биринчи айымдардын катарын толуктайт. Мехрибан Алиева күйөөсүнүн президенттик ишке расмий киришүү аземине жөнөкөй ак түстөгү көйнөк кийип келген.
2. Меланья Трамп (АКШ)
Америка Кошмо Штаттарынын биринчи айымы болгон Меланья Трампты билбегендер жок болсо керек. Америкалык гана эмес, эл аралык басылмалар дайыма сөз кылып, ар кандай ушак-кептер коштоп жүргөн Меланья Трамп өзүнүн сулуулугу жана эл алдына кийип чыккан өзгөчө жарашыктуу кийимдери менен таанымал. Ал ант берүү аземине "Chanel" бренди тарабынан тигилген эксклюзивдүү ачык көк түстөгү көйнөгүн кийип келген. Меланья Трампка куп жарашкан көйнөктү интернет колдонуучулары азем бүткөндөн кийин көп күн бою талкуулашкан.
3. Моза бинт Насер аль-Миснед (Катар)
Ислам мамлекети экенине карабастан биринчилерден болуп жүзүн ачык көргөзүп, өлкө башчысы болгон күйөөсү Хамада бен Калифа-аль-Танини бардык иш-чараларда коштоп жүргөн Катардын биринчи айымы Моза бинт Насер аль-Миснед элге өзүнүн жоолуктары менен белгилүү. Ислам өлкөсү болгондуктан Моза айым дайыма жабык, узун бирок ошол эле маалда өзгөчө кийимдерди киет. Маалыматтарга караганда, азыркы тапта биринчи айымдын коллекциясында миңден ашуун жоолук бар. Алгачкы ирет эл алдына ак түстөгү костюм, юбка жана ак жоолук салынып чыккан биринчи айымдын жоолуктары белгилүү дизайнерлер Карл Лагерфельд жана Роберто Кавалли тарабынан даярдалган.
4. Жецун Пема (Бутан)
Дүйнөдөгү эң жаш ханайым эсептелген Жецун Пема 1990-жылы учкучтун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Дүйнөдөгү жалгыз бакыт министрлиги бар өлкөнүн падышалык милдетин аткарууга киришүү күнү жубайлар Жигме Кхесар жана Жецун Пема улуттук кийимдерди кийип келишкен.
5. Асма аль-Асад (Сирия)
Сириянын өлкө башчысы Башар Асаддын жубайы Асма аль-Асадды батыш маалымат каражаттары анын сулуулугуна арбалып "Чөлдөгү роза" деп аташкан. Мусулман өлкө болгонуна карабастан башка өлкөлөрдүн биринчи айымдарынан калбай дүйнөлүк мода үйлөрүнүн кийимдерин кийинген Асма айым ант берүү аземине классикалык стилдеги костюм жана юбка кийип келген.
6. Айгүл Токоева (Кыргыз)
Кечээ, 24-ноябрда өткөн Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземинде чакырылган коноктордун биринчи катарынан өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Токоеваны (ортодо) дагы көрүүгө мүмкүн болду. Токоева ант берүү аземине бир түстөгү узун көйнөк жана ага түстөш жоолук салынып, сыртынан жакасына улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн чапан кийип келген.
6. Зироатхан Хошимова (Өзбекстан)
Чет элдик басылмалардын аныктоосу боюнча Орто Азиядагы эң келишимдүү биринчи айым аталган Зироатхан Хошимова эң алгач маалымат каражаттарында Шавкат Мирзийоев президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин көрүнө баштаган. Ал эми эң биринчи расмий иш сапарда Кытайга Мирзийоевди коштоп баргандан тарта дүйнөлүк маалымат каражаттары Хошимованын сулуулугу тууралуу тынбай жазышкан. Анткени Кытай өлкөсүнө конгон учактан түшүп, күйөөсүн коштоп келе жаткан Хошимованын чачын ошол маалда болуп жаткан катуу шамал ары-бери учурганына карабастан, биринчи айым күлүп улам чачын оңдогону көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алган. Хошимова көп учурда эл алдына классикалык стилдеги күңүрт түстөгү кийимчен чыкканы байкалган.