"Супер хитке" Нурлан Насиптин "Жүрөгүм", Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" ырларынын клиптери кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул жумада "Супер хитке" бир эмес, эки жаңы чыгарма кошулат. Себеби Нурмат Садыровдун аткаруусундагы "Кыргыз кыздары" чыгармасы 3 ирет жеңүүчү аталып, "Сыйлуу тизмеге" кошулду. Ошондой эле Гүлнур Сатылганова менен Адилет Азимовдун аткаруусундагы "Болсочу" дуэти эң аз добуш алып, сынактан четтетилди. Жогоруда аталган эки чыгарманын ордун Нурлан Насиптин "Жүрөгүм" жана Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" ырларынын клиптери толуктады.

Ырчы Нурлан Насиптин "Жүрөгүм" клиби Казакстандын Алматы шаарында тартылган. Аны казакстандык белгилүү клипмейкер Куат Ибрахим тартса, баш каармандын ролун аталган өлкөдө белгилүү болгон актриса жана модель кыз аткарган.

Ал эми Аида Маканбаеванын аткаруусундагы "Өмүрлөшүмө" чыгармасы Бишкек шаарынын четинде тартылган.

"Клипти Сүйүн Откеев деген режиссёр тарткан. Тартуу учурунда кызыктуу окуялар көп болду. Тагыраагы эң маанилүү эпизодду тартып жатканда 2 кичинекей бала 30га жакын кой айдап камеранын алдынан өтүп жатпайбы. Аларды кетире албай, баарыбыз бирге койлорду айдап, аябай күлгөнбүз. Анан да жер жумшак болгондуктан бут кийимимдин такасы ылайга батып калып, бир топ ыңгайсыздык жараткан", - дейт ырчы.

6-ДЕКАБРДАН 13-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Жакшы тилектерди билдирген Гүлнур Сатылганова менен Адилет Азимовдун аткаруусундагы "Болсочу" видеокомпозициясы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Ата-эне тууралуу ырдаган Айжамал Кабылованын "Ата-эне" деп аталган клиби да мурунку аптага салыштырмалуу аз каралган.

8-орунга - Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын тамашалуу "Бассам, турсам" ыры ээ болгон.

7-орун - Тотомидин Жолдошевдин "Ошко" клиби бул ирет мурунку аптадагы көрсөткүчтөн 2 тепкичке жогорулаган.

6-орунга Асеманын "Жашоо - бакыт" клиби ээ болду. Өткөн аптанын жыйынтыгы боюнча ырчы айымдын бул чыгармасы 5-орунда турган.

5-орунда - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби турат.

4-орун - Өткөн аптада жеңүүчү аталган Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" чыгармасы бул ирет 4-орунга ээ болгон.

3-орун -Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" клиби алдынкы үчтүккө илинди.

2-орун - Мурунку жумада жаңыдан тизмеге кошулган "Добулбас" тобунун "Жайна" клиби 2-орунду багындырган.

1-орун - Нурмат Садыровдун аткаруусундагы "Кыргыз кыздары" чыгармасы 3 ирет жеңүүчү деп табылып, "Сыйлуу тизмеден" орун алды.

Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер-хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан