24-ноябрь күнү жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат тараткан факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Ошондой эле аталган басылма, "бомба" тууралуу маалыматты учурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев тамаша катары айтканын жазды.
Ал эми Дүйшөнбек Зилалиев SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин айтты.
"Мен 44 жаштамын, бир катар жетекчилик кызматтарда, коопсуздук кызматында да иштедим. Бул эми абсурд да. Мен жардамчыларым же айдоочуларым тамашалап койдубу деп ойлодум эле. Кийин карасам, мен ошол кыздын формасына сын айтып коюптурмун. Эми эки маселе турат, туура эмес угуп алды же таарынып алып мага жалаа жаап жатат. Тиешелүү органдардан чакырышты, барып өзүмдүн версиямды айттым", - деди Зилалиев.