Зилалиев: "УКМКнын кызматкери мага Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштады"

"Эгер мен Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, мени УКМКнын тергөө абагынан чыгарууну убадалашты" деп мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасады.

Анын айтымында, акыркы 4 айдын ичинде ал бир да жолу суракка чакырылган эмес. "Менин жакындарыма жана туугандарыма карата баш аламандык уюштуруу аркылуу мага басым жасашты. А мен күткөм. Менден эмне керек экенин билгим келген. Бул системдин адамы катары менден бир нерсе сөзсүз түрдө керектигин билгем.

Ошентип акыры баары белгилүү болду. Жакында УКМКнын кызматкери мени чакырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштады. Максаты ушул экен! Мага карата баш аламандык эмне себептен уюштурулганы түшүнүктүү болду. Мени сындырып, Атамбаевге каршы кызматташууну каалашкан.

Мага "кытай компаниясынан кайсы бир лицензия маселесин чечип берүү үчүн Икрам Илмиянов аркылуу Атамбаевге 1 миллион доллар бердим" деген көрсөтмө берүү сунушу түштү. Эгер ушундай көрсөтмө берсем, мен күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалашты. Албетте, сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок. Эми мага карата козголгон кылмыш иши адилеттүү чечилерине үмүт жок.

ЖЭБ жана башка кылмыш иштери боюнча Атамбаевдин оозун жабуу колунан келген жок да, ошондуктан мен аркылуу бул ишти жасагысы келип жатат. Мына коррупция менен күрөштүн баары!" - деп жазды Зилалиев.

Окуянын чоо-жайы:

Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон. Буга жактоочулары каршы экенин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылышкан. 15-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми 2018-жылдын 7-декабрында ага "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан