Кечээ, 11-декабрда УКМК коммерциялык банктардын биринде мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдики делген 889 миң 900 доллар акча чыгарылып жатканда тартылган видеону интернетке тараткан.
Анда бул акчаны Зилалиев 2018-жылдын сентябрына чейин сактап жүргөнү айтылат. Мындан тышкары видеодо кызматкердин "15-августтан тарта 76-буйруктун негизинде бүгүн Зилалиев Дүйшөнбек Текшербековичтин банктагы ячейкасын ачып жатабыз" деп айтканын угууга болот.
Видео жарыялангандан кийин интернет-колдонуучулар кызматкерлердин жайкы бут кийимине көңүл буруп, "акчалар банктан жай айларында эле чыгарылганбы?" деп суроо салышууда. Аталган суроолор менен SUPER.KG бүгүн, 12-декабрда УКМКга кайрылды. Бирок бул мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындай маалыматтар берилбей турганын билдирсе, дагы бир өкүлү Кубан Арзыкулов видео Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин тартылганын айтууда.
Мурдагы вице-премьердин жактоочусу Учкун Каримов SUPER.KG'ге Зилалиев ал акчаларды кайдан тапканын так айта алган жок. Бирок Зилалиевдин сөзүнө таянып, ал акчаларды кандай жагдайда иштеп тапканы боюнча тийиштүү документтери бар экенин белгиледи.
"Зилалиев ал акчаларды мал-мүлкүн сатып жыйнагандыр. Өзүнүн жана жакындарынын айтканына караганда, ал акчалар кайдан келгени боюнча тийиштүү документтер бар экен. Эгерде документтери бар болгон болсо, тергөөдө көрсөтүшөт. Эгерде документтер жок болуп калса, анда суроо жаралат", - деди Каримов.
Ал эми банктагы акча боюнча видео банк кызматкерлери тарабынан мурун эле тартылган болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
"Кайсы бир адам банкка акча салса, сөзсүз келишимдин негизинде салат. Ал үчүн банкка акча төлөп берип турушу керек болот. Эгерде ошол акчаны убагында төлөбөй калса, банк эскертүүнүн негизинде тактап коюу үчүн ячейканы ачып андагы акчаны санап чыгып кайра салып коёт. Интернеттеги видео банк тарабынан буга чейин эле тартылып, эми УКМКга өткөрүлүп берилип жаткан болушу мүмкүн", - деген ойдо жактоочу.
Ушул жылдын 7-декабрында "мыйзамсыз байыган" деген айып менен Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалган.