"Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге планшет сатып бергенден жол кырсыгы азайбайт", - деп бүгүн, 14-декабрда жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы, аталган комиссиянын мүчөсү Талантбек Исаев билдирди.
Анын айтымында, жолдор оңдолгондо гана жол кырсыктары азаят. "Азыр өлкөдөгү жолдордун абалы чынында начар. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине планшет же башка нерселерди сатып беребизби, жол кырсыктары азайбайт. Жолдор оңдолуш керек", - деди Талантбек Исаев.
Буга чейин ушул эле жыйында премьер-министр Сапар Исаков аталган башкармалыктын кызматкерлеринин ар бирине бирден планшет бериле турганын айткан.