Украинада президент Пётр Порошенкого жан тарткан жарандын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Ал маркумдун атасы болгон. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары ата-баланын ортосунда саясий пикир-келишпестик орун алганын жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя Украинанын Одесса облусунда болгон. Анда 28 жаштагы тургун туулган күнүн белгилеп, атасы менен бирге спирт ичимдигин ичкен. Андан соң аңгемелешүү саясий темага өтүп, натыйжада уруша кетишкен. Анын кесепетинен 51 жаштагы ата өз уулуна бычак сайган. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.
Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө "мунун баары биздин өлкөбүздөгү саясий көйгөйлөргө байланыштуу. Мен ага Порошенко туура эмес жолду тандаганын айттым, уулум менин пикириме кошулган жок", - деп айткан.
Пётр Порошенко 2014-жылы элдик төңкөрүштөн кийин президент болуп шайланган. Бирок Украинада саясатын батышка жана Орусияга ыктаган тараптардын ортосундагы саясий кризис бүгүнкүгө чейин уланып келет.