Бүгүн, 28-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда президенттик балаты өттү. Иш-чарага өлкө башчысынын жубайы Айгүл Токоева да келди. Бул анын президенттин аялы катары эл көзүнө биринчи чыгуусу болуп калды.
Ханайым буга чейин, 24-ноябрда жолдошу Сооронбай Жээнбековдун "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн президенттик кызматка киришүү салтанатына катышкан эле. Анда инаугурацияга 500дөй киши чакырылып, жалпы жонунан өлкөдөгү башкы бийлик бутактарынын өкүлдөрү болгон.
Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсү тууралуу маалыматтын коомчулукка белгилүү болгону аз экени маалым.