Аргентиналык футболчу фейерверк аттырып жатып, жаракат алып ооруканага түштү

Уругвайдын "Пеньяроль" футболдук клубунун чабуулчусу Лукас Вьятри фейерверк аттыруу учурунда жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл майрамын майрамдап жаткан футболчу фейерверкти күйгүзүп жатканда ал ойлогондон эрте атылып кеткен. Жалын анын бетине да тийип, дарыгерлерден жардам алууга муктаж болгон. Дарыгерлер анын көзүнөн ажырап калуусуна аз калгандыгын, айыгуусуна жок эле дегенде 2-3 ай убакыт керектеле тургандыгын айтышкан.

Айта кетсек, Вьятри аргентиналык "Боку Хуниорс" клубунун тарбиялануучусу, ал Мексика, Кытай, Эквадор жана башка өлкөлөрдүн футболдук клубдарынын жана Аргентинанын курамында да ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KUBI
2018-01-01 21:16:56
Ушу жардыргычты колдонбой эле койсокпу. Баардык жер мусор.
+1
jaskaaa
2018-01-02 03:08:10
KUBI, ооба менда ошентип ойлойм. Ар ким өз алдынча аттыра беришет. Бир көзөмөл керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан