"Супер хиттин" катары Самат Эркинбековдун "Жетемин баарына" аталышындагы тамашалуу ыры менен толукталды

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада тизмеге жаңыдан кошулган чыгарма - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы.

"Менин ырчы болоюн деген оюм жок. Болгону элдин маанайын көтөрүп, тамашалуу ыр аткарып койгум келди. Бул чыгарма казак боордошторго таандык. Сөзүн Жакут Сыдыков агам кыргызчалап жазып берген. Клипти Бишкектин ар кайсы жерлеринде, 4 күндүн ичинде тартып бүттүк. Өзүбүз 2 күндүн ичинде тартып жетишебиз деп ойлогонбуз, бирок аба ырайы бузулуп көпкө созулуп кеткен", - дейт "тамашоучу".

27-ДЕКАБРДАН 3-ЯНВАРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Тотомидин Жолдошевдин "Ошко" клиби бул ирет эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби да өткөн жумага салыштырмалуу аз каралган.

8-орун - Айжамал Кабылованын "Ата-эне" деп аталган чыгармасы 8-орунда.

7-орун - "Добулбас" тобунун "Жайна" клиби мурунку жумадагы ордун сактап калган.

6-орун - Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы 6-орунга ээ болгон.

5-орун - Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" чыгармасы алдынкы бештикке илинген.

4-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы өткөн апталарга салыштырмалуу азыраак каралган.

3-орун - Мурунку жумада жаңыдан тизмеге кошулган Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" ырынын клиби 3-орунга ээ болгон.

2-орун - Ал эми өткөн аптада 1-орунга ээ болгон Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы бул ирет 2-орунда.

1-орун - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан