Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында экологиянын булганышын алдын алуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев жаңырган 2018-жылы өзгөчө экологияга көңүл бурууга чакырды.
"Бүгүнкү күндө Бишкектин абасынын тазалыгына Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги же Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция – кайсы мекеме жооптуу экени түшүнүксүз. Бишкектин экологиясына өзгөчө басым жасап, борбор калаабызды жашыл шаарга айланталы”,- деди Бекешев.
Депутат Аалы Карашев коомчулукта экология маселеси абдан талкууланып жатканына токтолду. Ал Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон модернизацияны элге көрсөтүп, өкмөттөн толук маалымат берүүнү сурады. Мындан сырткары Карашев абанын булганышына себепчи болгон автоунаалардын көбөйгөндүгү боюнча унааларды газга өткөрүү менен абага зыяндуу заттар азыраак чыгарын билдирди.
Ал эми депутат Бакирдин Субанбеков экологиялык булганычтарга жол берген мекемелерди текшерүүгө алууну сунуштады.
“Бишкек жылуулук электр борборунан чыккан түтүндүн нормасын текшерип коюуну сунуш кылам. Жергиликтүү жашоочулардын айтуусу боюнча, Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдон түнкү саат 12ден кийин жыт чыгат. Экологияга көңүл буруп, бул маселени карап чыгыш керек", - деди Субанбеков.