Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын өкүлүнө "Таза коом" жөнүндө айтып берди

Премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле жакынкы жылдарга карата биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүнүн өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөрүнөн болуп эсептелерин баса белгиледи жана анын жетекчилигине өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле премьер-министр Сирил Мюллердин өлкөгө болгон сапары эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлинин мисалы катары саналарын белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында, ата мекендик экономиканын дээрлик бардык тармактарында Дүйнөлүк банктын катышуусу камсыздалган, буга байланыштуу өлкөнүн өкмөтү тыгыз биргелешкен ишти улантууга ниеттенүүдө.

Сапар Исаков өкмөттүн "DigitalCASA" чек аралык телекоммуникациялык тармакты түзүү боюнча долбоорду жана "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча пландарына токтолду.

Ошондой эле өкмөт башчы "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасынын негизги багыттарын белгиледи жана аны ишке ашыруу боюнча деталдык планды иштеп чыгуу үчүн бардык мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык коомчулуктун күч-аракети бириктирилгендигин айтты.

Буга катар премьер-министр Бишкек жана Ош шаарларындагы "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырылышын баштоо, салык жана бажы тармактарындагы санариптештирүү, мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоо, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртуу жана салмак көлөмдүк көзөмөл боюнча өкмөттүн жакынкы пландары тууралуу билдирди.

Премьер-министр "Таза Коом" санариптик трансформация программасынын негизги бөлүгү чет элдик инвестицияларды тартуу менен ишке ашырыларын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллер акыркы жылдары эки тараптык мамилелердин активдешкенин белгилеп кетти.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж болгон аярлуу тармактарды аныктоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын комплекстүү изилдөөсүн даярдоодо жыйынтыктоочу баскычта турат.

Сирил Мюллер белгилегендей, Дүйнөлүк банктын ишмердүүлүгү эки негизги милдетке жетишүүгө – жакырчылыкты жоюу жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган.

Ал аталган максаттар өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасында так көрсөтүлгөндүгүн белгилеп, аны ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

"Кырк кадам – амбициялуу программа жана жалпы элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган. Кыргыз өлкөсү аймакта санариптештирүү боюнча алдыңкы өлкө, бул дагы сиздердин программаңыздарда чагылдырылган", – деди Сирил Мюллер.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкө экономикасынын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан ары конструктивдүү кызматташууга жана эки тараптуу мамилелердин мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга даяр экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан