Тажикстанда бардык диний мекемелер мындан ары киреше булагы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирилди

Тажикстанда “Диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, диний бирикмелер, мечит, чиркөө, синагогалар киреше булагы, каражаттарды колдонуу жана кызматкерлердин айлык маяналары, салык төлөмдөрү тууралуу отчёт берип туруулары керек.

Тажикстанда мечит, чиркөөлөр жана өлкөдөгү жалгыз синагога динге ишенген кишилердин садагаларынын эсебинен иш алып барат. Мечит имамдары сүннөткө отургузуу, нике кыюу жана жаназа окуу жөрөлгөлөрүнүн эсебинен акча табышат.

Бирок 2014-жылдан бери өлкөдөгү негизги мечиттердин имамдары маяна ала башташкан, алардын саны 265 кишини түзөт. Тажикстан Уламалар кеңешинин төрагасы, муфтий Саидмукаррам Абдукодирзода 2 миң сомони (220 доллардан ашык), имам-хатибдер 1500-800 сомони айлык алышат. Башка конфессиялардын өкүлдөрүнө мамлекеттик бюджеттин эсебинен маяна берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dastan.bujun
2018-01-23 10:12:57
Паланчанын жаназасын окусам 100 сом берди.
Эшмат мечиттин светине 200 сом берди.
Ташмат микрофон алып берди.
Зачем силерге бул маалыматтар.
Оздорун оздору камсыз кылып аткандан кийин жон эле койгула да.
Алар эмнени окутуп атат ошону карагыла.
Уят эмеспи?
+3
medet1983
2018-01-23 12:14:26
Толош керек мамлекетке
+2
medet1983
2018-01-23 12:16:01
А то молдолорун кутурду.Алкымы чоноюп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан