ЖАМК: "Өмүрбек Текебаевди абактан алып чыгып, ооруканадан ден соолугун текшерүүгө уруксат берүү маселеси каралууда"

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди абактан алып чыгып, ооруканадан ден соолугун текшерүүгө уруксат берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

"Учурда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47-абакта жазасын өтөп жатат. Ал кардиолог жана эндокринологдун текшерүүсүнөн өттү. Дарыгерлер "жүрөгүн тиешелүү аппараттан текшериш керек" деген сунуш беришти. Ал аппарат бизде жок. Жакынкы күндөрү абактын жетекчилиги жана биздин дарыгерлер ал сунушту карап, бир чечимге келишет. Балким, Текебаевди абактан сырткары алып чыгып, аппараттан текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берилет. Берилбей да калышы мүмкүн. Анткени №47-абак негизи оорукана, биздин эле дарыгерлер карашат", - деди Сабатарова.

Буга чейин Жогорку Кеӊештин бир топ депутаттары Текебаевди түрмөдөн ооруканага которуу өтүнүчү менен ЖАМКнын төрагасына кат жолдошкон.

Исхак Масалиевдин айтымында, "Ата Мекендин" лидеринин кан басымы көтөрүлүп жатканы байкалган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2018-01-23 18:50:25
Адам олтургондор шарттуу чыгып журушот биринин аркасынан экинчиси ээрчип, акыйкат барбы деги, ден соолугун каратканга зар болуп жатышат адамдар, аттин эч нерсе дей албайсын жолунар болгурлар!!!
+6
Makain
2018-01-23 20:47:13
Турмодо ден Соолугу начарлаган адамдар коп аларды да чыгарып даарылаткыла бир эле текени чыгарбастан
+2
jbolotov
2018-01-23 20:50:47
Батукаевди чыгарып жибергендер качан камалат? Кыргыз элинин депутатын олтурду деп камалган кылмышкер тайрандап Москвада журот, бир машинаны кымбат алган деп Шыкмаматов камалып кетейин деди.
+2
Makain
2018-01-24 06:53:11
jbolotov,кымбат алган эмес сатткан мамлекетке озунун унаасын.
0
jbolotov
2018-01-24 10:45:59
Makain, Аялынын машинасын озу иштеген мекеменин тендери менен кымбат алган деп куноо койулган болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан