Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев кардиология борборунан кайра колонияга которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Искен Афиджанов билдирди.

Камактагы лидер ден соолугуна байланыштуу 13-декабрдан бери Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан. Дарыгерлер экс-депутаттын абалы турукташканын айтып, аны кайра абакка которууга боло турганын айтышкан.

Текебаев түшкө жакын буга чейин камакта отурган №47-абакка которулду.

Буга чейин жактоочу Текебаев ден соолугуна байланыштуу дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керектигин айтып чыккан. Бирок ага карабастан экс-депутат абакка которулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bazake
2019-01-09 13:14:21
Текебаевдин жатак абакка которулуу мөөнөтү 2020-жылдын күз айларына туура келет. Анын юристтери элдин башын айланта бербесе. Кантип эле 8 жылга камалган адам 2 жылда боштондукка чыгып кетсин?
-4
zaman2
2019-01-09 13:55:41
Bazake,2 жыл эместа. Тергөө убагындагы кундөрү 2күндөн саналып 4,5 жылга туура келет.
+2
Bazake
2019-01-09 14:05:52
zaman2,Ошондо деле жатак абакка чыкканга жетпейт
-3
Jazdyn_tany
2019-01-09 16:01:24
Bazake,Текебаев абакта көп отурса сага пайда түшөбү?
+2
Erik2018
2019-01-09 13:15:27
Текебаевге эч кандай ырайм болбошу керек. Ал деген кылган күнөөсүн керт башы менен тартышы зарыл. Текебаев деген ал деген мыйзам алдында жоопко тартылган саясатчы. Ушунча жылдан бери мамлекетти ойлобостон өзүнө саясий упай топтогондон башка эч нерсе кылганын көрө алган жокмун.

-4
zaman2
2019-01-09 13:59:41
Erik2018,сен эч нерсени түшүнбөсөн эмнени көрмөк элен. Атамбаев деле мойнуна алдыго ал албаса деле кыйнап жеке таарыныч былыгы ачылып кетет деген чоочуло менен күч менен каматканын эл деле көрдүго. Маевскийден пара алды деп камады ал Маевский пара бергени үчүн камалдыбы. Элде деле көз барда кеп Текебаевде эмес башкасы болгондо деле бул сөзүмдү айтмакмын
0
zhykyo
2019-01-09 14:27:08
Erik2018,аа тушунугун жок болсо ошо да
+4
Beise
2019-01-09 14:14:33
Туулган кунун откоруп алыппы
-2
ararat...
2019-01-09 14:57:38
Өмүрбек Чиркешович чыныгы мекенчилдердин катарын толуктайт. Кайсы учур болбосун,чындыкты айтып келген.Күнөөсү далилденген жок.Ошентсе чыкпай жатканы таң калычтуу...
+2
interpol
2019-01-09 15:05:36
ХХХХ ары бери жетелей бербей же чыгаргыла же отурсун аягына чейин. Убактылуу өкмөт ушуну көрүш керек эле.
0
Busi06
2019-01-09 15:52:26
Эмне эле ХХХХХ шлекейинер агат Жан тартып ага? Мээнер барбы озу? Кыргыз ЭЛИМ качан болсо эски кары карышкырларды колдогонунар колдогон,ХХХХ Эли учун куйгон до Ак уйдо отурганда иштемек Эл учун кок мээнерди иштетип ойлонуп комент жазгыла,ХХХХХ эмне кылып койду Кыргызга? ХХХХХ сезону бутту ушу менен умутунорду узгуло,ХХХХ камактан чыккыча картайат и бийлике 1дастойный киши келсе ХХХХ Ак уйдун А сыныда корбойт эми,умут кылгыла Садырдан умут кылгыла Мелис Мырзакматовдон, ХХХХХ 5жылда аздык кылат!
-3
ararat...
2019-01-09 19:57:31
Busi06,Бирөөнүн мээсин эмне кыласың?Өз ойуңду башкаларга таңуулаба!
0
Baatirbek81
2019-01-09 22:52:48
Ушинтип ары бери жетелей бербей,чыгарып же биротоло жем, чөбүн салып камап койгулада!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан