Садык Шер-Нияз депутаттарга: "Текебаев менен Чотоновдун тагдыры баарыбыздын башыбызга келип калышы мүмкүн"

Депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптештерине кайрылып "Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тагдыры баарыбыздын башыбызга келип калышы мүмкүн" деп айтты. Жыйында Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып жаткан. Эл өкүлү саясий буйрук аткарган соттор Жогорку Сотто отурбашы керектигин белгиледи.

"Эки күн мурун абакта жаткан Дүйшөнкул Чотоновго барып жолуктум. Анын айткан сөзүн силерге жеткирип коёюн деп чечтим. Ал 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгон эместигин, далилдер бар экенин айтып жатат. Ушул сыяктуу бир катар дилилдерге карабай Ирина Воронцова Текебаев менен Чотонов "Супарага" барып Модин менен жолугуп, чай ичкен деп чыгарды. Азыр Текебаев менен Чотонов абакта отурат. Алардын тагдыры баарыбыздын башыбызга келип калышы мүмкүн. Дагы канчалаган саясий буйрук менен азаматтар түрмөдөн орун алып калышы мүмкүн. Биз акыйкат шайлоонун механизмин таап чыгышыбыз керек. Урматтуу эл өкүлдөрү, жалган жалаа менен соттогон соттор Жогорку Сотто отурбашы керек", - деди Садык Шер-Нияз.

Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Сунушталган талапкерлер: Кыдык Жунушбаев, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов, Дамира Орозова жана Ирина Воронцова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан