Сапар Исаковдун экс-кеңешчиси: "Өмүрбек Текебаевди бир адамдын арызы менен камап коюу - чектен ашкан наадандык"

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевди бир адамдын арызы менен камап коюу чектен ашкан наадандык болгон. Мындай пикирин Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов 30-майда Твиттердеги өздүк баракчасына жазды.

"Өз кезегинде бир адамдын арызы боюнча ТӨЧтү (ред. Текебаев Өмүрбек Чиркешович) камоо - бул чектен ашкан наадандык болгон. Бул факт чала жан болгон соттук системдин табытына акыркы мыкты какты. Бүгүн башкалардын башына түшкөн абалга биз да кабылып калышыбыз мүмкүн экенин коомчулук эсинен чыгарбашы керек", - деп айтылат анын калтырган пикиринде.

Ошондой эле Момункулов учурда бир адамдын жазган арызы менен кылмыш ишин козгоо, тилекке каршы, көнүмүшкө айланып калганын кошумчалаган.

Момункулов Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директорулугунан 28-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган. Ал 2017-жылдын 5-сентябрынан тарта ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп иштеп баштаса, 16-ноябрда агенттиктин директорулугуна дайындалган болчу.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Isco22
2018-05-30 12:24:13
Эптеп эле жашоо экен да. Бирине бири пахта коймой. Ага чейин унчукпай иштеп келбедин беле? Иштен алса не жакбай калдыбы
+18
jasgul
2018-05-30 14:08:51
Isco22,озуно жакындап келе жатканын сезип жатса керек да. Лучшая защита - это нападение дегендей.
+8
korea
2018-05-30 12:33:21
Анан мурда эле кыйкырып чыкпайт белең.Жумуштан алгандан кийин чычалагандай болбой. Текебаев канча запкы чекти,адамдын шагы сынды. Жөн эле 1,5 жыл убактысы түрмөдө өттүп жатат.Явно подставо экенин билсең ошондо эле кыйкырып чыксаң болмок...
+22
omuralievaO.88
2018-05-30 12:41:48
Эмнеге пара берген адам жоопко тартылбайт эмнеге аныда камашкан жок адилеттүүлүк жок.
+3
chikeusenov
2018-05-30 12:51:34
Текебаев деле убагында кылбаганы калбадыго ал киши деле таза иштеген эмес таза иштеген Адам жокко эсе
-5
Adiletia
2018-05-30 14:56:10
chikeusenov,ХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-05-30 16:20:07
Adiletia, этика нормаларын сактаңыз! Жеке айтышууларга тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу, түбөлүк БАНга!
+1
yrmat88
2018-05-30 13:15:46
Башы тоголоктун баары адам боло бербейт. Азыр коррупцинерлер корупционерлерди чукуп жатышат. Текебаев дин деле иштери толтура болгон. Озгочо апрель окуясынан кийин.
+3
bond02
2018-05-30 13:45:48
ТОЧ укмуш тергепсинер го.
+7
gulmi
2018-05-30 14:32:15
Нак сенин шефин Атамбаев оз колу менен олтургузган.Атамбаев Текебаевди турмодо чыгарып кайра 7-апрель кылайын деп жатабы?
0
Nendi15
2018-05-30 16:48:27
Саясат оттон ысык .октон сасык жеп бекеринен айтпайтда.
+2
patiydin
2018-05-31 08:32:48
Алдагы озуно моонот келгенин сезип калдыгоооооооо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан