Учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого олуттуу себеп түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев интернеттеги баракчасына жазды.
"Мен “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан депутаттык суроо-талап аркылуу тиешелүү маалыматтарды алдым. Орус жараны, шылуун Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-майында, кечинде “Супара” кафесинде Текебаев жана Чотонов менен кечки тамакта жолугуп, эки сааттай сүйлөшүп, акча бергени сотто негизги көрсөтмө болгон. Бирок 13-май күнү Чотонов саат 17:21де 01101 номерлүү МИ-8 тик учагы менен Фрунзе 1 маршруту аркылуу Ошко учканы белгилүү болду. Аны генерал Исмаил Исаков да Ошко чогуу учканын сотто тастыктаган. Текебаев болсо ал күнү түн бир убакка чейин Ак-Кемеде кеңешмеде болгону да факт. Демек, Маевский жана Модиндин дагы бир калпы ашкере болду. Ошондой эле уюлдук оператордон биз дагы бир арыздануучу Модиндин шаар ичинен чыкпаганы тууралуу расмий маалымат алдык. Алардын жолукканы жана акча бергени жалган экенин, бул ишти ошол кездеги бийлик атайылап уюштурганы ачыкка чыгууда. Мындай маалыматтар ишти сотто кайра кароого негиз боло алат. Кыңыр иш кырк жылда билинет дешчү, азыр заман башка, кыңыр иш кырк айга да жетпей билинчү заман. Маевский жана анын Кыргыз жеринде мамлекеттик деңгээлде калп айткан достору, саясий ишмерлердин тагдыры менен ойногону үчүн жоопко тартылышы керек!" - деп жазган Жанар Акаев.