"Өлкө башчы абактагы саясий туткундарга ырайым кылыш керек", - деген пикирин бүгүн, 14-майда Бишкекте өтүп жаткан "Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш" деп аталган иш-чарада саясий ишмер Феликс Кулов билдирди.
Анын ою боюнча, Текебаев жана башка саясатчылардын камалганы атайын уюштурган. "Саясий туткундарга карата эң туура чечим - бул ырайым кылуу, анткени "президенттик мунапыс" деген мыйзам бар. Ошондуктан абактагы туткундарга кечирим берсе болот. Жаңы бийлик ички тазалоодон башташы керек.
Учурда абакта отурган адамдарды мен көптөн бери билем. Учурунда буларга карата сөз да айтып жүргөм, бирок буларды сөзү үчүн камап койгону туура эмес. Текебаевдин жана башка саясатчылардын камалганы атайын уюшулган", - деди Кулов.
Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.