Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Маалыматты SUPER.KG`ге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Анын айтымында, саясатчы жарым жылда бир жолу текшерүүдөн өтүп турушу керек.

"Кечээ, 31-майда Өмүрбек Текебаев 47-колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Анын кайра абакка качан которулары дарыгерлердин айтканына жараша болот", - деди Сабатарова.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Janym_ata_enem
2019-06-01 10:10:49
Текебаевге боштондук. Буйруса аз калды. Сизге узун омур чын ден соолук
-2
-Dybala-
2019-06-01 10:48:43
Чыгарбаш керек бул адамды. Убагында аябай кутурган ар кимге оозго алдыртып.
+11
oshtuk_jigit
2019-06-01 11:08:13
Мелискамды пайдаланып кеткен
+17
kriss120
2019-06-01 11:32:25
Кудайым ушинтип коргозуп койот.Озужазган зокон мн озу камалды.7-Апрелде елди атып бийлике келгендер.
+3
daniel87
2019-06-01 15:51:13
Сиз легендасыз! Омурбек Чиркешович сиз адилетуулуктун, чынчылдыктын, калыстыктын символусуз! Чын денсоолук, узун омур, балдардын, кыздардын урматын, сыйын коруп коп жашааан
-5
O.dembele
2019-06-01 20:18:39
Бизди өзү инвалиддер башкарат да.
0
Komrad
2019-06-01 23:36:35
Минус баскандар силерге ким жагат?
-2
Kuba-savai87
2019-06-02 00:05:22
Komrad,оздору озуно жакпайт бироону жактырмак турсун
-2
Komrad
2019-06-02 09:25:38
Ошонучун онукпой атабыз да
+2
Komrad
2019-06-02 09:26:15
Мен чындап эле ким жакканын билейин дегем башкаларга
0
mr.ulan89
2019-06-02 01:35:35
Жалаң эле Ашанын күйөрмандары го Чиркешовичти жактырбагандар экен көбүнчөсү Өмүрбек Чиркешович биз сиз менен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан