"Супер хитке" Ильяз Андаштын "Ак чардак" чыгармасы кошулду. "Клиптин бир эпизоду Германияда тартылган" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул ирет эң аз добуш алып, сынактан четтетилген клиптин ордун Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" видеокомпозициясы толуктады.

"Клипти тартуу иштерин Алмаз Кудайкулов менен Анвар Осмоналиев колго алышкан. Анда атайын сценарий түзүп, кандайдыр бир идеяны чагылдыралы деген максат койгон эмеспиз. Болгону кыялдар менен ойлор камтылган. Клипти 4 күндүн ичинде Бишкек менен Ысык-Көлдөн тарттык. Ал эми арасында бир эпизоддо дубалдын түбүндө туруп ырдаган жерим бар. Ошол Германиядагы мунаранын жанында тартылган. Ал жакка башка ырыма клип тартканга баргам, бирок "Ак чардактын" бир эпизодун да ошол жерден кошо тартып коюуну чечкенбиз. Азыр көптөр ушул жерди көргөн сайын "Каяктан тартылган? Бишкектеби?" деп сурап калышат", - дейт ырчы.

17-ЯНВАРДАН 24-ЯНВАРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" ырынын клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби да өткөн апталарга салыштырмалуу аз добушка ээ болгон.

8-орунда - Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы орун алган.

7-орун - Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" ыры мурунку жумадагы көрсөткүчтөн 2 тепкичке төмөндөгөн.

6-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы 6-орунду ээлеген.

5-орунда - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы.

4-орун - Өткөн жумада тизмеге жаңыдан кошулган Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы 4-орунду ээлеген.

3-орунда - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы орун алган.

2-орун - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы өткөн жумада жеңүүчү аталса, бул ирет 1 тепкичке төмөндөгөн.

1-орун - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы экинчи ирет жеңүүчү деп табылды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2018-01-24 11:13:23
Ырдын автору ким эмне учун ырдын авторун жазбайсынар?
0
NURTILEK_KG
2018-01-24 11:43:15
Клипте катышкан эже жакшынакайго))
0
Dembele84
2018-01-24 12:07:04
Германияда тартылыптыр деп биринчи орунга чыгаралыбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан