Учурда төрөт үйлөрү жана 1 жаштан 3 жашка чейинки наристелер жашаган балдар үйлөрү өзгөчө көзөмөлдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев борбор калаадагы ооруканалардын жылуулук абалдары менен таанышып чыккан. Анда төрөт үйлөрүндөгү жана балдар үйүндөгү абалды да көрүп кайткан.
"Учурда төрөт үйлөрү жана 1 жаштан 3 жашка чейинки наристелер жашаган балдар үйлөрү өзгөчө көзөмөлдө. Балдардын улуураактары жаткан бөлмөлөрдө желдетилгенден кийин +16 +17 градус температура сакталып жатат. Ошондой эле наристелер жаткан бөлмөлөрдүн ар биринде мунай менен иштеген жылыткычтар иштеп, ар бир ымыркай биздин кызматкерлер тарабынан дыкат көзөмөлдөнүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.