Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын уюштуруп, депутаттар түзүлгөн авариялык кырдаал жана аны жөнгө салуу иштерин талкуулады. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева ЖЭБди башкаруу тармагында Кытай жарандары иштеп жатканын белгилеп, УКМКнын өкүлүнө кайрылды.
"ЖЭБдин аймагын кыдырып жүргөн учурда Кытай жарандарын көрдүм. Бул жерде улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү отурат, жооп бериңизчи ЖЭБ улуттук стратегиялык объекттердин катарына киреби?" - деп суроо салды Сурабалдиева.
УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков ЖЭБ стратегиялык маанидеги объект экенин билдирди. Ал эми "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБ курулушу бүткөндөн кийин кепилдик мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 жыл аралыгында тейлөө 5 кытай адисинин катышуусунда жүргүзүлөрүн айтты. Сурабалдиева өлкөдө ЖЭБди көзөмөл кылчу адистер жоктугуна таң калды.
“ЖЭБди башкаруу чет элдиктерге берилди. Акыркы үч күндө эмне окуялар болуп жатат. Бул өз элине каршы аракет эмеспи? Мен үчүн 21-кылымда бүгүнкү окуялардын болуп жатышы абдан уят иш”, - деди Сурабалдиева.
Депутат УКМКнын өкүлүнө кайрылып, мындай аракеттерди көзөмөл кылуучу ыйгарым укуктарына кызыкты. УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков экономикалык ишмердүүлүккө киришүүгө мыйзам жол бербей турганын айтты.
“Биз экономикалык ишмердүүлүккө киришпейбиз. Ал эми өз элине каршы аракет, диверсия боюнча изилдейбиз. Бүгүн Башкы прокуратура шалаакылык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул башталышы гана, калганын тергөө иштери көрсөтөт”, - деди Мамасадыков.