Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн кышка даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду карайт

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн кышка даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2017-2018-жылдагы өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгына "жетишерлик эмес" деген баа берүүнү сунуштаган.

Комитеттин чечиминин тексти:

"2017-2018-жылдагы Кыргыз өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгы "жетишерлик эмес" деп эсептелсин.

Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгилинде даярдык көрүүнүн жүрүшүндө олуттуу кемчиликтерге жол берип, авариялык абалга алып келген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттери күчөп кетиши боюнча тез арада чараларды көрүү өкмөткө тапшырылсын.

Авария боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосун. УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул иш боюнча иликтөө жүргүзсүн", - деп сунушталат комитеттин чечиминде.

Депутаттар жумуш убактысы бүткөндүктөн комитет чечимин кароону бүгүн, 1-февралга калтырган.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel1Aikol
2018-02-01 09:00:44
Ичип жегенге келгенде кандай кырдаал болбосун жегенге шашабыз! А элдин камын ойлогон эч ким жок
Жогору жактан деле жайы менен текшерип көзөмөлдөп койсо болмок анан кышында баары бүткөндөн кийин калп эле кыйын болуп текшерип жоопко тартыш керек деп элди алдабай
0
evra_kg
2018-02-01 10:49:29
Ал акчага ага бузуп жанылап ийсе болот эле жеп склышканго беш жылдан каматыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан