Депутаттар "батпай калат экенбиз" деп ЖЭБдин 386 миллион долларга курулган бөлүгүнө журналисттер менен чогуу киришкен жок

Бүгүн, 16-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны өтүүдө.

Анын жүрүшүндө ЖЭБдин 386 миллион долларга курулган бөлүгүнө барышканда, депутаттар жыйынды журналисттердин катышуусуз улантууну туура көрүштү. Мындай кадамын алар ичине бардыгы батпай калуу мүмкүндүгү менен түшүндүрүштү. Эл өкүлдөрү журналисттерге толук маалыматты тактап, түштөн кийин саат 14:00дө берерин убадалашты. Ошентип депутаттар 386 миллион долларга курулган бөлүккө өздөрү киришти.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,

КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев,

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев,

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев,

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
jbolotov
2018-02-16 13:40:45
Аалы Карашов ошол убакта ким болуп иштечу эле? Депуттатык комиссиянын кобу СДПК экен, Атамбаевда СДПК.
+8
kyrgyz.kg83
2018-02-16 13:46:29
Эмнеге киргизбейт.бул жагы ачык айкын болбой калыптыр.коркушатта былыктары ачыка чыгып калат деп.сойуш сойуп мейманчылап жөнөтүшсө баары жакшы екен деп чыгышат
+9
Azatbek83
2018-02-16 13:47:36
Атамбаевчилерго баары эле!Ата Мекендеги Нышанов ал деле Ашанын атын Тундук Туштук жолуна берели деген кошоматчы!Андан коро Ата Мекен партиясынан Шыкмаматов Шер Нияз Никетенко ушулар барса болмок! Жанар Акаев барса болмок Аларды чакырышпайт Уялчак жепжутарынарды да алып албапсынар уялып келмек!Тымызын бутурушот кошоматчы шестеркалар коомчулукту алдашып!
+9
OMURBEK.
2018-02-16 13:49:28
Батбай калат экенбиз дебей эле болушо албай калат экенбиз деп еле айта бербейби
+14
nargiz-sa
2018-02-16 14:15:16
Оздору да чогуу да жемкорлукта жургалисттер тике туруп деле турушмак
+7
ady-88
2018-02-16 14:44:26
Ошол тец. Курулуп 386миллион долларга курулуп жатканда чогуу жешкен. Уят эле
+7
Ermekbai
2018-02-16 14:49:59
15 депутат экен 10 журналист болсо 25-30 адам батпай калчуу жерби жэб
+6
tilek121277
2018-02-16 14:56:05
окшоштурат да оозунан эч сөз чыкпаган депутатарды чогултуп алышып кайдагы батпайт деген сөзду айтышып
+3
Defans2017
2018-02-16 15:05:55
Бизде Бир айыл окмоту иштен кеткенде,текшеришкен,жонокой кичинекей кочодо турган туалетти ремонт кылдык деп 80 мин сомду отчёт кылыптыр,туалетти жон сырдап актап койушкан болгону, где-то эки уч мин кетсе керек,ТЕЦ те дагы ошондой отчеттер кетсе керек
+3
Dembele84
2018-02-16 15:23:45
Жолдошбаевди да алып алганынарда,ал жака кириштен уялып кирбей койсо,бир журналистке орун бошоп ал кирип,бар жокту жазып,тартып чыкмак...
+3
arawan
2018-02-16 16:17:22
окшошпой калыптыр бул жагы
+2
taku1414
2018-02-16 18:03:22
Бир журналист да батпай калыптырбы. Пайдасыз бир депутаттын ордуна бир журналисти киргизишсе болмок.
+1
boika85kg
2018-02-16 19:51:04
Ушулда шылтообу батпай калабыз деп тим элэ, былыгыңарды чыгарып койот да журналистер ошондон коркосуңар артыңар таза эмееесссс......
0
muslim87
2018-02-16 20:07:51
Булар иликтей алышпайт ТЭЦти журналисттер батпай калышса депутаттардын жарымы кирип журналисттерди толук киргизишсе болмок журналисттерди киргизишпесе демек жогору жактан буйрук ошондой болгон. Мадумаров туура айткан булар иликтей алышпайт деп. Эгер чындыкты чыгарабыз десе көз карандычыз комиссия түзүлүшү керек жана журналисттерди икир чикирине чейин кошо алып жүрүү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан