ЖЭБ чыры: "Шадиевдин эсепчиси ТВЕАнын эсепчиси болуп чыкты" деди депутат Рыспаев

"ЖЭБ боюнча укук коргоо органдары коркпой-үркпөй жыйынтык чыгарыш керек", - деди бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун угууда депутат Кожобек Рыспаев.

"Бул жерде "убагында баары мыйзамдуу кеткен", - деп айтып жатышат, анда эмнеге ошол кездеги бийликте отургандардын бирөө да ушунча жогорку баа менен кеткенин сураган эмес, кандай аткарганын, акча кайда кеткенин эмнеге сурабайт. Ооба, ЖЭБ керек болчу, Осмонбек Артыкбаев мага “ЖЭБ авариялык абалда, Инэксимбанктан акча алып курбасак, кийин эл душманы болобуз”, - деп айткан. Патриот экенбиз, макул дедик.

Жантөрө Сатыбалдиев чыгарган буйрукта “ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүнүн максаты", - деп жазылып турат. Артына "3 тармактык комитеттен өтө турган депутаттардын кимисин тапсаңар кол койдургула", - деп жазып жатат. Биз эс алууда болчубуз, буйрукту 3 комитеттен өткөрүп жатканы менен бул жерге депутат деп эле коюптур.

Ошондо Осмонбек Артыкбаев айтсаңыз, мен катыштым беле? Мен эмес, менин жардамчым катышкан. Сиз мени менен телефондо сүйлөшүп жатып “өкмөттө сунуш киргизип жатабыз, жумушчу топ түзүп Инексимбанк менен сүйлөшсүн деп жатабыз", - деп айттыңыз. А бул жерде ТВЕА менен сүйлөшсүн деп турат. Долбоордун макулдашуусун алып келгенде биз комитетте карап чалкабыздан кеткенбиз. Комитеттин 2 чечиминде тең биз эскертүү берип жатабыз, "процедура бузулган, ТЭО жок, Гонконгдун арбитраждык соту эмес, Эл аралык көз карандысыз сот карасын", - деп жатабыз.

Чечим менин колумда турат, тармактык комитеттин чечимин эске албастан алып келип жатышат. Өкмөттүн курбасак бобойт, ЖЭБ эскирди дегенин угуп өткөрүп бергенбиз. Өткөрүп бергенден кийин аткаруу бийлиги бүт караш керек болчу.

Андан тышкары комиссияга Датка-Кеминди бериш керек, иликтеп чыксын. Аскарбек Шадиевдин эсепчиси ТВЕА компаниясынын эсепчиси болуп чыгууда, бул калп эмес. Бул эмне шек жаратпайбы?

1 чакырым чубалгы, 3 зым карагай 644 миң долларга салынып жатат, ага дагы жетет. Мен ошондо аткаминерлерге “бул өчпөйт, эл көтөрөт, кредитти төлөш керек", - деп айткам. Кайра төлөй турган акчага биз эмнеге кайдыгер карайбыз, 600 доллар кычкач, видеокөзөмөл - 14 миң доллар. Аткаруу бийлиги эмнеге көзөмөлдөбөйт, анчалык мыйзамга караса, эмнеге иштин аткарылышын сурабайт. Сураган да эмес. Ойлонсок, бул иш башынан эле коррупциялашкан нерседей көрүнүп турат.

Убагында Юстиция министрлигине кат жазганда “бул эл аралык келишимге жатпайт”, - деген жооп келген.

Энергетика тармагына анализ жүргүзүп чыгышыбыз керек, 1 миллиард 600 миллион доллар жалаң энергосекторго келген. Акча кандай болуп коротулганын эч ким сурай элек, мына биринчиси ЖЭБ болуп жатат.

Менин оюм боюнча, ЖЭБ боюнча укук коргоо органдары коркпой-үркпөй ишти аягына чыгарыш керек", - деди Рыспаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан