Бакыт Төрөбаев ЖЭБдеги аварияга борбордун жетекчилигин күнөөлөдү

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБдеги кырсыктын тегерегинде маселе каралууда. Анда Бишкек ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кырсык насостордун эскиргенинен улам болгонун айтты. Ал эми Бакыт Төрөбаев ЖЭБдеги кырсыкка ишкананын жетекчилигин күнөөлөдү.

"53 жылдан бери иштеген насос бүгүн ЖЭБдеги аварияга күнөөлүү болуп калды. Бардык технологиялык кемчиликтерди толук, ачык айтып бериңиздерчи. Эмне болду?" - деп суроо салды Төрөбаев.

Ал эми Бишкек ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу 26-январда 18:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде суу басымы төмөндөгөнү байкалганын, анын натыйжасында ЖЭБдин иштөөсүндө маселе жаралганын билдирди. "Адистер биринчи кезекте анын себептерин аныктоого аракет кылышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес", - деп баштады ЖЭБдин жетекчиси.

Кийинчерээк биздин адистер аныкташты. Насос иштеп турган чакта, иштеп жаткан жана резервдеги техникаларды иштете турган кубаттуулукту бере албай жатты. Анткени басым оор болду. Ал жерде эки насос бар. Алар эскиргендиктен 320 метр кубдан ашык бере албай жатты. Резервдик жабдыктар мындай катуу суукта болушу керек. Жылытуу системин тоңдурбоо үчүн иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул химиялык тазаланган суу үчүн чыгымдарды талап кылат. Ошондуктан берилген суунун жалпы көлөмү азайды”, - деди Өмүркул уулу.

Депутат 1993-жылдан бери иштеп келген насостор кандай себептерден улам иштебей калганын сурады. ЖЭБдин жетекчиси ага: “Насостор иштеди, басым оор болгондуктан жетиштүү кубаттуулукту бере алган жок. Ал жерде эки насос 950 метр куб бериши керек. Бирок эскиргендиктен 320 метр кубдан ашык бере алган жок. Ушул эки насос жаңы курулган блокторго, эски блокторго да суу берет”, - деп жооп берди.

Бакыт Төрөбаев аварияга насосторду эмес, Нурлан Өмүркул уулун айыптады.

2011-жылы 25 градус суук болгон. ЖЭБ анда жакшы иштеген. Сиздер алдын алуу жумуштарын жасаган эмессиздер, башкы инженер караган эмес, техникалык регламент сакталган эмес. Сиздер аны анык айтыңыздар. Премьер-министрди алдабаңыздар”, - деди Төрөбаев.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taku1414
2018-01-31 20:00:01
Торобаев кимдер куноолу экенин билип туруп майдаларды куноолой береби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан