Каржы министрлиги: "ЖЭБди жаңылоого алынган насыянын 5 пайызы колдонула элек, ал акча Кытайда"

Бишкек ЖЭБди жаңылоого алынган насыянын 5 пайызы колдонула элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков билдирди.

"Насыянын 360 миллион долларын колдондук. Учурда 26 миллион доллар колдонула элек. Азыр ал акча Кытайдын Эксимбанкында турат", - деди ал.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов учурда аудит аягына чыга электигин айтып, жакынкы күндөрү жыйынтыктар депутаттарга кат түрүндө берилерин билдирди.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого Кытайдын Эксимбанкынан 386 миллион доллар насыя алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2018-10-30 16:51:10
ЖЕБде ушундай ачык айкын маалымат таратышып туура кадамга барып жатышат. Анткени эл дагы көп нерсени билгиси келет.
+2
bekmirzach
2018-10-30 17:02:54
Эгер өткөн кыштагы ТЭЦтеги кырсык болбогондо калган 5 пайыз акчаныда чөнтөкө шолоп кетишмек экен. Ууруларды ТЭЦтин кочагары кылып иштетиш керек кышында.
+2
Take_men
2018-10-30 17:22:20
Аа откат окшойт ал жагы
+1
Janyjol.86
2018-10-30 20:17:41
Минаралка ичпей ХХХХХ ХХХХХ ХХХХХХ
+1
admin_superstan
2018-10-31 16:51:08
Janyjol.86, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан