Экс-премьер Бишкек ЖЭБ боюнча: "Авариянын жаңылоого тиешеси жок"

От казандагы болгон авариянын Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо ишине тиешеси жок. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев ЖЭБдеги авариялык кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүгүн, 2-апрелдеги отурумунда билдирди.

Сариев ошол эле кезде терең иликтеп чыгуу керектигин айтты. "Мен ошол кезде өмөт башчы болгом. Кытайлык ТВЕА компаниясы менен болгон келишим мыйзам катары Жогорку Кеңештен өтүп, президент кол койгон. Чынында жаңы эки от казан орнотулган. Эгерде, акчасы жагынан алсак, терең иликтеп чыгыш керек. Кычкач 600 доллардан алынган деп маалымат чыгып жатат. Мындай маалымат туура эмес кетип калган деп ойлойм. Ал эми мамлекет алынган кредитти төлөп берет. Болгону анын 12 пайызы гана Социалдык фонддо калып, калганы мамлекеттин эсебинде", - деди экс-премьер.

"Акчанын пайдаланылышы тийиштүү органдарга тергөөгө берилсе, кылмыш иши козголушу мүмкүн. Мен бул маселени экиге бөлүп карагым келет. Биринчиден, ошол учурда ЖЭБди жаңылоо керек болчу. Чынында сапатка жооп берген от казан курулган. Кыргыз мамлекетинин өзүнүн көмүрүн колдонгонго толук шарт түзүлдү. Экинчиден, авариянын жаңылоо ишине тиешеси жок. Авария өкмөттүн кышка даярдыгы жана көзөмөлү боюнча маселеден болду деп ойлойм. Өзүңүздөр тергеп, иликтеп чыксаңыздар болдот", - деп кошумчалады Сариев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAYRATBEK
2018-04-02 16:52:24
Мага ишенип койгула алтындарым. Эч ким жоопкерчиликке тартылбайт. Жана Эч ким жооп бербейт. Бул биздин жоопкерчиликсиз шалаакылыгыз. Биз бир ишке жооп бермейинчи коррупция менен курошобуз биз онугобуз жеген созду айтып кулкуну келтирбегиле.
+2
fantomas
2018-04-02 17:15:54
Темир Сариевдин да тиешеси бар ТЭЦтеги коррупцияга...

Жээнбековдун иштегени ырас болсо, куноолуулор бири калбай камалсын, болбосо кызматын тапшырсын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан