Депутат Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча маалымат берүү үчүн жооптуу кызматкерлер келбегенине нааразы болду

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда Бишкек жылуулук электр борборундагы авария талкууланат.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев жыйынга маалымат берүү үчүн бийлик бутагындагы жооптуу кызматкерлер келбегенин айтып, аларды чакырууну сунуштады.

"Кырдаал бир эле өлкөдө эмес, бардык дүйнө жүзүнө тарады. Өкмөттүн жетекчиси келген жок, Бишкек шаарынын мэри жок. Биз Жогорку Кеңеш бийликтин бутагыбызбы же бизди булар көзгө илбей жатабы? Келип маалымат берсин. Алардын баарын угалы. Бул жерде аткаруучулар гана отурат", - деди Жээнчороев.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан