Бүгүн, 7-майда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар боюнча иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны жабык өтүп жатат. Комиссия мүчөсү депутат Сайдулла Нышанов сыртка чыгып, кандай талкуу болуп жатканын журналисттерге айтып берди.
"Азыр комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарып жатат. Буга чейин биз бир жыйынтыкка келгенбиз, себеби кээ бир депутаттарыбыз "тигил же бул маселелерди кошолу" дегенде, биз макул болгонбуз. Андан кийин массалык маалымат каражаттарында эмнегедир ар түрдүү маалыматтар таркап кетти. Азыр дагы биз бир жыйынтыкка келдик. Талаш-тартышты көрбөй жатабыз, баарыбыз эле макул болуп жатабыз.
Биз өткөндө эки атты (экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев - ред.) атап жатканбыз, бирок бүгүн төмөнкүдөй чечим кабыл алдык: ким баштагандан баштап, аягына чыкканга чейин кагазга кол коюп катышкан адамдардын баарынын аттары жыйынтыгыбызда айтылат. Мисалы, Эсептөө палатасынан келген кагазда Сапар Исаков боюнча бир жерде көрсөтүлгөн экен. Алмазбек Шаршенович (Атамбаев - ред.) жөнүндө бул жерде маселени көрбөдүм", - деди Нышанов.
Мындан тышкары ал депутаттык комиссия саясий гана баа бере турганын баса белгиледи. "Парламент бул маселени карагандан кийин укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага, УКМКга жана Эсептөө палатасына жиберебиз", - деп кошумчалады депутат.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
26-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга Бишкек ЖЭБ боюнча суракка чакырылган. Ал сурактан чыгып, тергөөчүлөрдө анын президенттик аппаратта иштеген убактагы жумуштары боюнча кээ бир суроолор бар экенин билдирген.