Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы электр энергиясынын бүгүнкү абалына байланыштуу маселени карамак. Бирок фракциянын депутаттары маселени кароодон баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге депутат Айтмамат Назаров билдирди.
"Бүгүн фракцияда электр энергиясынын бүгүнкү абалы каралмак, анын ичинде Бишкек Жылуулук электр борбору да кирген. Бул күн тартибине мурда эле киргизилген болчу. Бирок Бишкек ЖЭБдеги авариядан кийин бул маселе Жогорку Кеңештеги жалпы жыйында каралды. Ошондуктан депутаттар бул маселени кароонун зарылчылыгы жок деп маселени күн тартибинен алып салдык", - деди Назаров.