Мыктыбек Абдылдаев: "ТВЕА компаниясы менен болгон келишимдин орус тилиндеги вариантына кол коюлушу керек эле"

Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча ТВЕА компаниясы менен болгон келишимдин орус тилиндеги вариантына гана кол коюлуш керек болгон. Бул тууралуу ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу чыкканын депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖЭБдеги кырдаалга байланышкан маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында айтты. Бирок эл өкүлү келишимдин англис тилиндеги вариантына кол коюлуп калганын эскертип өттү. Абдылдаев ошол кезде ишке катыштыгы бар болгон кызматтардын жетекчилерине кайрылып:

"Эмне өкмөт башчыны тоготкон эмессиңерби? Келишимди окуп, түшүнгөндөн кийин кол коюлушу керек болчу да. Мындан сырткары, Тышкы иштер министрлиги бул келишим эл аралык келишимге кирбей турганын айтып, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө туура келбей калат деген баа бериптир", - деди Абдылдаев.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов да ошол кезде Юстиция министрлигин жетектеп турганда келишим эл аралык келишимге кирбей турганын баалаганын белгиледи. "Кыргыз республикасынын Юстиция министрлиги келишим боюнча Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин чечими керек деп өкмөткө сунуш берген. Андан кийин өкмөт келишимди Жогорку Кеңешке алып келген. Келишимди депутаттар жактыргандан кийин президент кол койгон. Андан кийин да келишим бардык ички процедуралардан өттү деп юридикалык баа бергенбиз.

Чынында ЖЭБди жаңылоо бизге керек болгон. Бирок азыр коомчулукту кызыктырган иш жумшалган акча менен жасалган иштин шайкештигинде болуп жатат", - деди Шыкмаматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан