Парламент Бишкек ЖЭБи боюнча кабыл алган токтомунун аткарылышын улантуу жөнүндө чечимге келди

Жогорку Кеӊештин 14-февралдагы жыйынында 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтомдун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.

Анда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун кабыл алган парламенттин жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлдү.

Берилип жаткан маалыматтардан Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен чыныгы бааны чыгаруу боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү соттук-курулуш экспертизанын жыйынтыгында 271 миллион доллар каражатка ЖЭБди модернизациялоого болору ачыкталгандыгы маалым болду.

Депутат Каныбек Иманалиевдин суроосунан кийин Кытайдын ТВЕА компаниясы Кыргыз өлкөсүнө келгенде мурдагы депутат Аскарбек Шадиев менен байланышта болгондугу айтылды. Анын жеке компаниясынын бухгалтери кийин ТВЕА компаниясында бухгалтер болуп иштегени да ачыкка чыкты.

Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев ЖЭБди модернизациялоо менен анын ишинин натыйжалуулугу артканын белгиледи.

Жыйында Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 миллион доллар каражатындагы насыяны 492,4 миллион доллар каражат кылып төлөнө тургандыгы (пайыздык кошундусу 106 миллион доллар) сынга алынды. Белгилүү болгондой, бул каражатка ЖЭБдин 30 пайызы модернизацияланган.

Депутат Кенжебек Бокоев ЖЭБди модернизациялоо боюнча ТВЕА компаниясына сапатсыз курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча иш козгоону талап кылды. Мындан сырткары, эл өкүлдөрү өкмөт тарабынан аталган компания менен түзүлгөн келишимде өлкө кызыкчылыгына туура келбеген жагдайлар жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-аракеттер боло электигин такташты.

Жыйынтыгында айтылган пикирлерди жана берилген сунуштамаларды эске алуу менен, Жогорку Кеӊештин токтомундагы белгиленген тапшырмаларды аткарууну улантуу жөнүндө токтом кабыл алынып, өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан