Парламенттик оппозиция өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты

17-апрелде Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап жатат.

11:00. Жыйынга "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жетекчилик кыла турганын жарыялап, 48 депутат катышып жатканын айтты.

11:10. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичиндеги жетишкендиктерин депутаттарга айтып жатат. Ал отчёт менен тааныштыруу үчүн 15 мүнөт сурады.

11:15. Өкмөт башчы 2017-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5401 сомду түзгөнүн айтты. "Пенсиянын базалык көлөмү 280 сомго жогорулады. Пенсия үчүн 2016-жылга салыштырганда 300 миллион сомго көп каражат бөлүндү", - деди Исаков.

11:30. Сапар Исаков чек ара маселеси тууралуу маалымат берди. "Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын президенттери 2017-жылы чек ара боюнча келишимдерге кол койгон. Азыр Өзбекстан менен чек арада 15 пайыз маселелер калды. 60 чакырымдан ашык тилке такталып чыкты. Азыр сүйлөшүүлөр болуп, жумуш жүрүүдө. Кыргыз-Тажик чек арасынын 60 пайызы такталып чыкты. Бул 500 чакырымдан ашык тилкени түзөт", - деди өкмөт башчы.

11:50. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов Бишкектеги 84 гектар жер тилкеси коммерциялык максатта сатылып кеткенине нааразычылыгын билдирди. "Бишкек шаардык мэриясы акыркы 2 жылда 84 гектар жер тилкесин 5 жылдык мөөнөт менен капиталдык курулуштарга берип салыптыр. Бир сом мамлекеттик бюджетке түшкөн жок. Ошол эле учурда жеке ишкерлер мамлекеттик социалдык объектилер эмес, бүт сатыла турган имараттарды куруп, сатып жатышат", - деди Жамангулов.

"Мындан тышкары Бишкек мэриясы бир көчөттү 9 миң 90 сомдон алганы айтылууда. Ал эми Ботаникалык сейил багынан 4-5 жылдык көчөттөрдү 500 сомдон беребиз деп жатышат. Бул кайдыгерлик да, мамлекеттин миллиондогон каражаттары берилип жатат", - деп кошумчалады Жамангулов.

Жыйынга борбор калаанын мэри Албек Ибраимовдун келбегенине байланыштуу эч ким суроого жооп бере албады. Премьер-министр Сапар Исаков Ибраимов келгенде жооп берерин айтты.

12:00. Депутат Акылбек Жамангулов мамлекеттик мүлктөрдүн эсебинен жардам иретинде коротулган эбегейсиз чоң каражаттар боюнча да суроо салды. "Мен Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна акционердик коомдор, мамлекеттик мекемелер боюнча канча жардам иретинде каражаттарды короткондугу боюнча кат жөнөттүм эле. Акыркы 5 жылда "Кыргызалтын" 12 миллион 408 миң сом, РСК банкы 2 миллион сом, "Мегаком" 70 миллион 526 миң сом, "Кыргызнефтегаз" 15 миллион 45 миң сом, "Манас" аэропорту 10 миллион сом, "Кыргыз темир жолу" 166 миллион 811 миң сом. Бизде Жогорку Кеңештин төрагасынын фонду 30 миллион сом, баарыбыз ошол каражаттан бөлүп беребиз. Бир эле мекеменин жетекчиси миллиондогон каражатты каалагандай пайдаланышы кандай? Бизде бюджетте каражат жок. Мамлекеттин карамагындагы бул мүлктөрдүн баары кирешесиз. Эмне үчүн ушул каражаттардын сарпталышы боюнча эч ким көзөмөл кылган жок?" – деди Жамангулов.

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев бул каражттарды кыскартуу боюнча иш аракеттер жүрүп жатканын айтты. "Азыркы учурда Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунда иштер жүрүүдө. Ар бир мүлктүн кирешеси, чыгымдары иликтенип жатат. Азыркы күндө 15 акционердик коомдун отчётторун бүтүрдүк. Азыр биз 400 миллиондой чыгашаларды кестик. Бул маселе боюнча иш жүргүзүлүүдө", - деди чиновник.

Депутат Жамангулов кетирилген чыгымдар үчүн тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароону сунуш кылды. "Буга чейин кеткен каражаттар боюнча ким жооп берет?" – деп суроо салды эл өкүлү.

"Анализ жүрүп бүткөндөн кийин анын жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Эгер негизсиз чыгымдар болсо, тийиштүү адамдар жооп бериши керек", - деп жооп берди премьер-министр.

12:10. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев жол маселесин көтөрдү. "Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, оңдолгон жолдордун 70 пайызы кайра жараксыз болуп калыптыр. Тыштан келген акчалардын 30 пайызы ошол жолдорду оңдоого кеткен. Кийинки маселе 386 миллион долларга ЖЭБди жаңыладык, 485 миллион долларга Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөп жатабыз. Ошол акчаларга оңдолгон ЖЭБ биринчи эле жылы авария болду, ГЭС боюнча да Кытайдан келген трансформаторлор кепилдик мөөнөтүнө жетпей бузулду. Буга ким жооп берет?" - деп сурады Кыдыралиев.

Бул суроого өкмөт башчы өзү жооп берди. "Жолдор боюнча өзүм көзөмөлдөп жатам, жол оңдоого бюджеттен бөлүнгөн каражатты уурдоону токтотмоюнча өлкө өнүкпөйт. Жолдорду оңдоонун жеке тараптардын колдоосу менен оңдоо формуласына өтүшүбүз керек, учурда ушул иштер боюнча иштеп жатабыз. ЖЭБдеги кырсык эски бөлүгүндө болду, ал шалаакылыктын айынан келип чыкты. Эски ЖЭБди да оңдошубуз керек, себеби шаарда калк көбөйдү. Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөө аркылуу 100 миллион доллар үнөмдөдүк, ГЭСтерди оңдобосок, кырсык болушу мүмкүн", - деди өкмөт башчы.

12:30. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев өкмөттүн "40 кадам" долбооруна кызыкты. "Кырк кадам" деп жакшы долбоор баштадыңыз. Бирок алгачкы эле кадамыңыз - "Лиглас" ишке ашпай калды, "Хуавей" келишими да ишке ашкан жок. Бул биздин өлкөнүн кадыр-баркына доо келтирет", - деп баштады Токтошев.

"Мен Тогуз-Тородогу кырсыкты мурда эле айттым эле. Ал жердеги зыян 5 миллион доллар экен, аны төлөшөбүз керек, чыгымга учурадык, алдын алсак болмок. Эми азыр 13 адамды Бишкекке камапсыңар, эл дагы көтөрүлөбүз деп жатыптыр", - деди депутат.

Мындан тышкары ал Кытайга Кыргыз жарандары виза ала албай жатканын кошумчалады.

Бул тууралуу Сапар Исаков жооп берди. "Лиглас" келишимдин негизин толук аткарбагандыктан келишимди үзгөм. Учурда башка инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Хуавей" боюнча айтсам, бул компания менен түзгөн келишимди өзүбүз деле жасасак болот экен, ошон үчүн бул келишим бузулган. Ал долбоорду биз азыр баштаганбыз", - деди өкмөт башчы.

"Тогуз-Тородогу кырсык боюнча мыйзам алдында баары бирдей, инвесторлорго келтирилген чыгымды төлөп беришибиз керек, ал эми ким өрттөсө, мыйзам алдында жооп берет. Февраль айында ал кенди токтотконбуз. Ал жерге адамдарды жөнөткөнбүз, жергиликтүүлөр тоскоол болуп жатса, ал жердин зыяндуулугун кантип текшеребиз", - деди Исаков.

Ал эми Кытайга виза берүү татаал болуп жатканын өкмөт башчы баса белгиледи. "Бизде терракт болгонуна байланыштуу бул маселени жолго коюу татаалдашканын Кытай тарап билдирди", - деди Исаков.

12:49. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев премьер-министрди маалыматты ачык айтууга чакырды. "Кечээ Тогуз-Тородогу митинг боюнча да маек берип, артында саясатчы турарын, аны кийин айтарын билдирдиңиз. Азыр да маселелерди кийинкиге жылдырып жатасыз, маалымат болсо, ачык эле айтыңыз", - деди Төрөбаев.

"Бул маалыматты качан айтуу керектигин өзүм билем, менин мындай укугум бар", - деп жооп берди Исаков.

13:00. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев кадрдык алмашууларга токтолуп, калктын ишеним индекси боюнча малыматтарга кызыкты. "Мен ушул өкмөт келгенде "Өкмөткө жалаң жаштар келсе - бул трагедия, баары улгайгандар келсе - бул комедия" деп орус ойчулунун сөзүн айткам. Жаштар келди, кадрдык алмашуулар абдан көп болду. Азыр мындан ары иштегенде ушул жагын эске алып, тажрыйбалуу, илимдүү, билимдүү кадрларды кошо алып кетсеңиз туура болот. Эгер элдин ишеними болбосо, бийликтин иштеши кыйын болот. Азыр сот, прокуратура тармагына өзгөчө элдин ишеними абдан төмөндөп кетти. 2016-жылы калктын бийликке болгон ишеними 27,8 пайыз болуптур, ал эми 2017-жылы 30,7 пайызга чыгыптыр. Мунун себеби эмнеде?" – деди Казакбаев.

Сапар Исаков калктын ишениминин өсүшүн өкмөт ачык иштеп жатканы менен түшүндүрдү. "Бул министрликтердин алып барган жумушу. Бул көрсөткүч дагы өсөт. Азыр "Түндүк" программасы иштей баштады. Ал долбоордо биздин жарандар, бардык маалыматтарды ачып көрө алат. Мурда бул жашыруун болгон. Эми маалымат каражаттары ошол маалыматтар менен иштей алат. Бардык министрликтер да маалымат базасын ачышы керек. Ошондо ишеним дагы артат", - деп жооп берди Исаков.

13:05. Андан соң депутат Руслан Казакбаев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго кайрылып, өлкөнүн бюджети түздөн-түз бажы кирешелерине байланышканын айтты. "Коомдо бир суроо пайда болду. "Ош бажысында киреше 5 эсе өстү" деп сиз түшүндүргөндөн кийин, ошол эле убакта Бажы кызматынын мурдагы орун басары Раим Матраимов кенен маек берип, сиздин жаңылып жатканыңызды айтты. "Казакстанга кире албай калган биздин оор жүк ташуучу унаалар чек арадагы чектөөгө байланыштуу болду" дедиңиз, ошону ачыктап койбойсузбу? "Бажыда киреше беш эсе өстү" дедиңиз, бул андан ары өсө береби же эртең токтоп калабы?" - деп кызыкты Казакбаев.

Кулматов жооп бергендей, январь-февраль айларында бажыда киреше өсүп, март айында азайды. "Түштүккө бир да унаа кирбей жатат, Кыргыз мамлекетине ички импорт жок болуп жатат. Менимче, бул жерде саботаж бар, бул жүктөрдү атайын башка жерге алып кетишти. Саботажды соодагерлер жана башкалар кылып жатат, биз бул маселени аныктап жатабыз", - деди Кулматов.

Сапар Исаков да бул боюнча өзү кошумчалады. "Бул маселе боюнча бардык маалыматтар өз убактысы менен чыгат. Сандар, адамдар чыгат, жашыруун болуп кетпейт. Кубанычбек Кеңешович көп нерсени айтпай жашырып жатат, ар нерсенин өзүнүн убактысы бар. Биз түндүктөгү, түштүктөгү бажы кызматтарында кадрдык өзгөртүүлөрдү киргиздик, бул дагы өз жыйынтыгын берет", - деди Исаков.

13:08. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Кумтөр" маселесин көтөрдү. "Кумтөрдө" экологияга келген зыян боюнча биздин өкмөт 7 миллиард сом утушу керек эле, бирок өкмөт мындан баш тартты. Бул кыянаттык. Сиздин өкмөттүн тушунда биздин өлкө "Центеррадан" алган үлүшү 6 пайызга азайды. "Кумтөр" боюнча 2003-жылы, 2009-жылы кыянаттык иш кылышкан, азыр да ошондой болуп жатат. Саясий эрк керек, талапты катуу койсок, канада тарап макул болмок. Ушундай жолдорду табыш керек. Азыркы келишим кыргыз элинин кызыкчылыгын толук колдобойт. "Кумтөр" менен келишимди Жогорку Кеңеш менен макулдашпай өзүңөр чечип коёсуңар, ушунда эле мандем жатпайбы", - деп нааразы болду Шыкмаматов.

Премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр" саясий маселе, аны менен 2009-жылдагы келишимге ылайык иш жүрүүдө. "Центерра" 2009-жылдагы келишимден баш тарттпайбыз дешүүдө. Келишимдин негизинде биз "Центерраны" сотко бере албайт экенбиз. Эгер алар сотко берсе, биз утулабыз. Биз азыр "Кумтөрдүн" келечегин ойлоп жатабыз, "Кумтөрдүн" мөөнөтүн дагы он чакты жылга узартуу боюнча иштер жүрүүдө, азыр туура келишим түзбөсөк болбойт, кыйналып калабыз”, - деди Исаков.

Шыкмаматов "биз жылына “Кумтөрдөн” 7 миллиард алабыз, өз укугубузду коргоп алсак, 20 миллиард алмакпыз" деп айтты.

13:20. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев мугалимдердин орточо айлыгынын көлөмүнө кызыкты. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң 800 сом экенин айтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жаңыдан ишке киришкен дарыгердин айлыгы 5 миң сом, ал эми орточо айылыгы 13 миң 800 сом экенин белгиледи. "Бишкекте бул каражат орточо көрсөткүчтөн төмөн, бул каражатка борбор калаада жашоо мүмкүн эмес", - деди Масалиев.

Биринчи кезекте мамлекетте коопсуздук, ден соолук, жумуш менен камсыз кылуу жагы болушу керек. Отчётто канча адам жумуш менен камсыз кылынганын мен таппадым. Бул жерде жетишпестик көп. Бир жылда 19 миң адам жол кырсыгынан каза болду. Согуш болуп жаткан Сирияда мындай болгон жок, ал эми биз коопсуздук деп сүйлөйбүз", - деп тынчсызданды Масалиев.

13:30. Бир сааттык танапис жарыяланды.

14:30. Танапис аяктап, суроо-жооп форматта жыйын уланууда.

15:00. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов "Ош базарында" болгон өрт боюнча сурап, мындай кырсыктардын алдын алуу боюнча кандай иш аракеттер жүрүп жатканын өкмөттөн сурады.

Сапар Исаков жооп бергендей, "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында борбордук базарларда камералар орнотулат.

Мындан тышкары депутат Жамалдинов курулуш каражаттары сапатсыз болуп, курулган мектеп, бала бакчалар кайра эле бузулуп жатканын айтты. Исаков ага жооп берип жатып: "Курулуш каражаттарынын сапаты боюнча өз көзөмөлүмө алдым. Мындан ары мектеп, бала бакчаларын курууда талапты күчөтөбүз, шарттарга толук жооп бербеген компаниялар менен келишим түзбөйбүз", - деп айтты.

15:15. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатканына кызыкты. ИИМдин башчысы Улан Исраилов бул кылмыштын бети ачылганын айтып, тергөөнүн жүрүшүндө 2 адам кармалып, дагы бирөө изделип жатканын билдирди.

15:30. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев Бишкекте 2 жумада оңдоо иштери бүтчү жолдор 2 айда бүтүп жатканына нааразычылыгын билдирди. "Өлкө жетекчиси өткөн көчө жабык, иштеген киши жок", - деди Маматалиев.

Бишкек мэри Албек Ибраимов: "Президент өтчү жолдор долбоор боюнча жабылган, ал жерде асфальт төшөөдөн сырткары да башка иштер бар", - деп жооп берди.

Мындан тышкары Маматалиев быйыл өлкөгө 2 миллиард сом грант келбей калганын айтты.

Сапар Исаков бул тууралуу: "Мен сөгүш жарыялагам, тийиштүү министрликтер милдеттерин толук аткара албай калышты. Ошол гранттарды алып келүү боюнча иштеп жатабыз", - деп жооп берди.

16:45. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөттү сынга алды. Ал премьер-министр Сапар Исаковго кайрылып, өкмөт убадаланган иштерди толук аткара албаганын айтты. "Лиглас" деген алдамчы компанияга алданып калдыңыз, "Акылдуу шаар" долбооруңуз толук ишке ашпай жатат, "Мегакомду" да сата алган жоксуз, ЖЭБ боюнча сиздин кол алдыңыздагы кызматкерлер алдашты, 386 миллион доллардын кайда кеткенин көзөмөлдөгөн жоксуз. Аны эртең биздин балдар төлөөгө мажбур болот", - деди Турускулов. Мындан сырткары ал жолдордун начар абалы, базарлардагы өрт кырсыктары, Тогуз-Тородогу кырдаалды мисал келтирип, өкмөттү сынга алды.

Сапар Исаков ага жооп кылып: "Сиз мени премьерликте 4-5 жылдан бери отурат деп ойлоп калдыңыз окшойт. Сиз мага 4-5 жылдык мөөнөттөгү иштер боюнча сын айттыңыз. "Акылдуу шаар" боюнча иш эми башталды, алдыда 2 жылдык мөөнөт бар, бизге убакыт бергиле.

ЖЭБ боюнча териштирүү иштери бүтсүн, азырынча катуу айтпай турсак. Кытайдын элчиси биздин тышкы иштер министрине келип, "Жогорку Кеңеште биз тууралуу сындар айтылып жатыптыр, бизди капа кылып жатасыңар" деп айтыптыр. Бул боюнча Эрлан Абдылдаев тастыктап берет.

"Таза коом" долбоору боюнча Түндүк системи түзүлдү, азыр иштеп жатат. Жарым жылда бардык ишти жасоо болбойт экен, убакыт бергиле, жасайбыз", - деп кайрылды Турускуловго Исаков.

17:15. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу "Кумтөрдү" Кыргыз өлкөсү өзү иштете ала турганын айтты. "Ал жакта толугу менен биздин жарандар иштешет. Өзүбүздө деле көп мүмкүнчүлүктөр бар. Өнүктүрүү фондунда каражат турат, ошону алып "Коопсуз шаар" долбоорун иштетсек болмок. Жарым жылдан кийин өзүбүз жасай алмак экенбиз дебей, ошондо ишти баштасаңыз болмок", - деди депутат.

Сапар Исаков "Биз бюджетке оор күч келтирбейли деп инвесторлор менен иштешели дегенбиз" деп жооп берди.

17:55. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасындагы бир топ кадамдар ишке ашпай жатканын айтты. Мындан тышкары ал "Кумтөр" маселеси тууралуу сүйлөп, өкмөттү сынга алды.
"Сиз "Кумтөр" боюнча сотко берсек, утулабыз" деп айттыңыз. Эгер биз экология боюнча сотко берсек кайсы сот болбосун утабыз. Мөңгүнү бир жерден бир жерге жылдыруу - бул кылмыш. Алар бизди соттон утуп 7 миллиард утса, биз экологиядан утсак, 10 миллиард өндүрмөкпүз. Сиз аларга адвокат болуп шек жаратып жатасыз", - деди Зулушев.

Өкмөт башчы Сапар Исаков ага жооп берип жатып: "Экология боюнча биз утсак, "Центерра" төлөбөй койгонго акысы бар. Ал эми биз утулсак, толук төлөшүбүз керек болот. Эгер канадалык компания бизди сотко берсе, 2 миллиард долларга чыгым болобуз. Мен ар бир сөзүмө жооп берем, сиз дагы жооп беришиңиз керек", - деди.

18:10. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов "Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөп жатып, өкмөттү "канадалык "Центерранын" адвокаты болуп жатасыңар" деп сынга алды. "Силер бул маселени чече албайсыңар, себеби силердин өз кызыкчылыгыңар бар. Бул маселе боюнча өлкөнүн кызыкчылыгын колдогон адамдар азыр түрмөдө отурат. Ошол адамдарды алып келиңиз, бир жумада бул маселени чечет. Сиз бул жерге туруп алып, "Центеррага" адвокат болуп жатасыз", - деди Сапар Исаковго Мамытов.

Мындан сырткары депутат Тогуз-Тородогу окуя боюнча пикирин айтты. "Тогуз-Торо эли менен иштешкендин ордуна аларды камадык деп жатасыңар. Ал жерге өзүңүз барсаңыз болмок. Эми ал жерге барыштын сизге эмне кереги бар. Бул эки маселеде сиздин өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп эсептейм", - деп кошумчалады Мамытов.

Сапар Исаков ага: "Мен Тогуз-Торого барып эмне кыларымды өзүм билем. Ишиме берген бааңыз - ал сиздин чечимиңиз", - деп жооп берди.

18:25. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Камчыбек Жолдошбаев жаңы салынган көп кабаттуу үйлөр сапатсыз курулуп жатканын айтты. "Бетон, арматуралары талапка жооп бербейт. Эртең 6 баллдык жер титирөөнү көтөрө албайт. "Ош базарында" түндө саат 3:50дө өрт чыкты, 4:30да жүзгө жакын мародёрлор келишкен. "Ош базарын" атайын эле өрттөшкөн, эмне үчүн Жалал-Абаддагы базар менен "Ош базарында" бирдей өрт чыгат. ИИМ, муну эмнеге таппайсыңар? Таппасаңар эртең алар башка жерди өрттөшөт", - деди Жолдошбаев.

18:40. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова улгайган жарандарга жана балдарга бөлүнгөн каражаттан да "жеген" чиновниктер бар экенин айтты. "Бизге бул тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Алар ачык айтуудан коркот экен, керек болсо өмүрүнө да коркунуч келет экен", - деди депутат.

Премьер-министр Сапар Исаков "жашыруун болсо да, ошол адамдар кат жазып берсе, чара көрөт элек" деди.

19:05. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов эртеден бери суроолорго премьер-министр өзү жооп берип жатканын белгилеп, "калган өкмөт мүчөлөрү кызматтарын толук аткарбай жатат" деди. "Командаңыздан айрымдарын кетирүүгө оюңуз барбы?" - деп депутат өкмөт башчыдан сурады.

Сапар Исаков айрымдарын кетирүү тууралуу планы бар экенин билдирди.

19:20. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов Боинг учагы кулаган Дача-СУ айылына көрсөтүлгөн жардам боюнча маселени көтөрдү. "Элден чогулган 102 миллион сом тууралуу гана сөз болуп, түрк тарап төлөгөн акча каражаты тууралуу маалымат жок болууда", - деп кызыкты Икрамов.

Премьер-министр: "Компенсация төлөө боюнча маселелер толук чечилген. Түрк тарап жакшы эле суммадагы компенсация төлөдү. Алар "канча каражат бергенибиз тууралууу маалымат айтпай эле койсоңор" деп суранды эле", - деп жооп берди.

19:39. Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп табууну депутаттардан суранды. Шыкмаматовдун айтуусу боюнча, өкмөттүн чоң кемчилиги "Кумтөр" боюнча келишим туура эмес түзүлгөндүгүндө жана парламент менен кеңешпей туруп өз алдынча чечим кабыл алганында.

19:46. Талант Мамытов "Республика-Ата Журт" фракциясынын өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык эмес" деген чечим чыгарганын айтты. "Өкмөттүн иштегени элдеги өзгөрүүдөн билинет, андай болгон жок. Эл баягыдай эле жашап жатат. Коррупциялык элементтер гана көбөйүп жатат. "Liglass" менен келишим үзүлдү, Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болду", - дейт.

19:52. Өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык эмес" деп табуу боюнча добушка коюлду. Жыйынтыгында депутаттар отчётту "канааттандырарлык эмес" деп табышты. Буга Руслан Казакбаев менен Сайдулла Нышанов каршы добуш беришти.

19:54. Сапар Исаков көптөгөн сын-пикирлерге кошула турганын айтты. "Демократия өлкөсүндө ушундай процесстер болгону жакшы көрүнүш. Биз командабыз менен күнү-түнү иштеп, болгон аракетибизди кылып жатабыз. Саясий, каражат маселесинен улам кыйынчылыктар жаралууда. Оппозициялык фракциялар менен өкмөт диалог түзүп турушу керек экен. Мага мындай ой бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө келди", - дейт Исаков.

Парламенттик оппозиция өкмөттүн отчётун угуп жатат (түшкү танапистен кийин)

Парламенттик оппозиция өкмөттүн отчётун угуп жатат (түшкү танаписке чейин)

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан